• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Чек арада жабыркагандарга берилчү кенемтенин көлөмү аныкталды. Коронавирустан 3 адам көз жумду

7 Бугу 2021 14:09 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы үч бейтап жумду. Алар Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында.

Илдетке каршы республикалык штаб кабарлагандай, 7-майга карата 385 адамдан оору жаңы аныкталды. Мурда ооругандардан 348 киши айыкты. Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор расмий эсепте 1643кө жетти.

Кыргызстанда Кытайдын «SinoPharm» жана Орусиянын «Спутник V» вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий эсепте 40 миңдей киши вакцина алды.

“КУМТӨРДҮ” БАШКАРУУ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ

Жогорку Кеңеш 6-майдагы жыйыныда корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (“Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзам) өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

Жыйынга катышып жаткан 100 депутаттын ичинен 98и мыйзам долбоорун колдосо, 2 депутат каршы добуш берди. Демилгечилер эл депутаттар Акылбек Жапаров менен Бактыбек Турусбеков болду.  Мыйзам долбооруна ылайык, концессионер ишкана өз ишмердүүлүгүндө элдин саламаттыгына жана экологияга кооптуулук жаратса, аны сырттан башкаруу боюнча өкмөт чечим кабыл алуусуна шарт түзөт.

Депутат Дастан Бекешевдин  “кеп “Кумтөр” ишканасы тууралуу болуп жатабы?” деген суроосуна баяндамачы Акылбек Жапаров “атын атайын атабай жатканын, бирок концессионер катары бир гана “Кумтөр” иштээрин билдирди.  Жапаровдун айтымында, министрлер кабинетинде мыйзамга ылайык өз укугун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Ал ушул тапта экологияга келтирген зыян боюнча 3,2 миллион долларлык доо арыз каралып жатканын жана 19 адамдын каза болгонун белгиледи.

ЧЕК АРАДА ЖАПА ЧЕККЕНДЕРГЕ КЕНЕТМЕ

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда мерт болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга бир жолку төлөнүүчү кенемте тууралуу долбоорду даярдап, коомдук талкууга чыгарды.

Ага ылайык, курман болгондордун үй-бүлөөлөрүнө бир миллион сомдон берилет. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен оор жараат алды дегендер 100 миң сомдон алат. Азыраак жараат алгандарга 50 миң, ал эми жарааты жеңилдерге 30 миң сомдон бөлүнөт.

28-30-апрель күндөрү жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 190го жакыны жараат алды. Дүйшөмбү 6-майда бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.

Президент Садыр Жапаров 5-майда “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, бул максатта премьер-министр төрагалык кылган мамлекеттик комиссия түзүлөт жана аталган облуста президенттин атайын өкүлү дайындалат.

Количество просмотров: 168