• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Чек арадан мыйзамсыз өткөн чет өлкөлүк кармалды. Ош мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

2 Бирдин айы 2023 14:57 Бишкек Govori.TV

БАЖЫДА МЫЙЗАМ БУЗУУ ФАКТЫСЫ АНЫКТАЛДЫ
Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бажылык укук бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Европа биримдигинин аймагынан Кыргызстандын аймагына “Б.В.Р.” ЖЧКнын дарегине Volvo үлгүсүндөгү 10 бирдик атайын техника алынып келген.
Жүк коштоочу документтерин текшерүүдө аталган компания тарабынан ТЭИ ТН боюнча товардык коду жөнүндө жалган маалымат берилгендиги аныкталган. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 8 млн 813 миң 429 сомду түздү.
Аталган факт боюнча материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүп берилген.

ОШТУН МЭРИЯСЫНДАГЫ КАДРДЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР
Ош шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Нурбек Кадыров Ош шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болуп дайындалды.
Азат Кубатбек уулу Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Ал буга чейин Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
Тиешелүү буйруктарга Оштун мэри Бакытбек Жетигенов кол койгон.

ЧЕК АРАДАН МЫЙЗАМСЫЗ ӨТКӨН АДАМ КАРМАЛДЫ
Ош облусунда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-январь күнү Өзбекстан Республикасынын аймагында кылмыш жасап, ал жактан изин жашыруу максатында Кыргызстандын аймагына мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн Кытай Эл Республикасынын 44 жаштагы жараны кармалган.
«Чет өлкөлүк жаран Ош шаарындагы мейманканалардын биринде жашынып жүргөн. Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинде (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча иликтөө иштерин Ош ОИИБдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 96