• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды. Жол кырсыктардан 50 адам көз жумган

14 Бештин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРАДАН ӨТКӨН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Баткенде мамлекеттик кайтарууда турган чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун 53 жаштагы Т.Х. аттуу тургуну Кыргызстандын кайтарууда турган мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, чет өлкөгө бир нече жолу мыйзамсыз кирип-чыккандыгы аныкталган.

Азыркы күндө Кыргыз Республикасынын КЖКнин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, үстүнөн тергөө амалдары жүрүп жатат.

КЫРСЫКТА 50 АДАМ КӨЗ ЖУМГАН

Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Бишкек шаарында 2 миң 593 жол кырсыгы катталган. Андан 50 адам каза болсо, 3 миң 374 киши жабыркаган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаалардын кагылышынан, жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыгынан жана автоунаалардын жолдон чыгып кетүүсүнүн кесепетенин адам өлүмдөрү катталган.

“МУРАС” ТУРНИРИ БАШТАЛДЫ

Бүгүн, 14-декабрда Бишкекте «Мурас» футбол турниринин кезектеги беттеши башталды.

Ага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, журналисттер, ишкерлерден турган 16 команда катышууда.

Бүгүн чейрек финалдык беттештер болуп, эртең 15-декабрда жарым финал жана финал болот.

Оюн КТКР Спорт жана ЭлТР телеканалдарынан түз көрсөтүлүүдө.

«Мурас» футбол турниринин биринчи айлампасы быйыл май айында өткөн. Анда Жогорку Кеңештин командасы биринчи орунду алган. Садыр Жапаров буга чейин май айында, андан соң августта футболдук турнирлерде ойногон.

Количество просмотров: 163