• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Чуңкурга түшүп кеткен жаран куткарылды. Депутат кесиптештерине кайрылды

9 Кулжа 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

МЕКТЕПТЕРДЕ АКЫРКЫ КОҢГУРОО КАГЫЛДЫ

Бүгүн 9-июнда Кыргызстандын мектептеринде кезектеги окуу жылынын аякташына байланыштуу “Акыркы коңгуроо” салтанаты өтүп жатат.

Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлагандай, 2021-2022-окуу жылында 9-классты 106219 бүтүрүүчү, 11-классты 67045 бүтүрүүчү аяктайт.

Министрлик мектептеги салтанаттан кийин кафе-ресторандарда, парктарда майрам уюштурууга, жаратылышка чыгууга тыюу салынарын өткөн айда эскерткен.

ДЕПУТАТ БИЙЛИК ӨКҮЛДӨРҮН ЫНТЫМАККА ЧАКЫРДЫ

Бийликтеги ынтымак маселеси бүгүн 9-июнда Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутат Нуржигит Кадырбеков өкмөт менен парламенттеги абал элдин маанайына таасир этерин белгилеп, ынтымак маселеси актуалдуу болуп турат деген оюн билдирди.

Ал Жогорку Кеңеште буга дейре бири-бирине “Сен” деп кайрылган учур болбогонун айтып, биримдик жана ынтымак болбосо өлкөнү күчтөндүрүү мүмкүн эместигин белгиледи:

“Бизге азыр тап бергендер көбөйдү, себеби сүрүбүз жана сырыбыз кетип жатат. Ошол жигиттер, балким, менден кичүүдүр – ошол күчтү, демди жана духту тышка көрсөтөлү. Бул жерде канча депутат отурду, канча министр келди, канча өкмөт башчы, президент чыкты, “Сизден” “Сенге” бир дагы өтө элек болчубуз”.

Жогорку Кеңештин 2-июндагы жыйынында оппозициячыл «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтышкан.

Ташиев Мадумаровду аткезчиликти калкалап жатканын айткан. Мадумаров андайлар камалса кол чабарын билдирген. Ташиевдин “Сени кошуп камайбыз жакында” деген жообуна ал “Колдон келбейт” деп жооп берген. Мадумаров менен кайым айтышып жатып Ташиев “Колуңду кесебе, колуңду сындырып коем” деген.

Эртеси күнү эки саясатчынын тарапкерлери өз лидерин жактаган жана анын оппонентин айыптаган, сындаган кайрылуулары менен чыгышкан. 

ЧУҢКУРГА ТҮШҮП КЕТКЕН ЖАРАН КУТКАРЫЛДЫ

Нарын шаарында куткаруучулар чуңкурга түшүп кеткен жаранды чыгарышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарында Айгыр-Жал көчөсү №15 дарегинде 1986-жылы туулган Т.Э. аттуу эркек экскаватор казган чуңкурга кулап кетип, топурак басып калган.

Жерине 3 куткаруучу тартылып, жабыркаган жаранды чыгарып 103 кызматына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 278