• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: COVID-19дан 3 адам көз жумду. Бишкекте тапанчадан ок аткан жигит кармалды

24 Жетинин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 24-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду.

Экөө тең эмдөөдөн өткөн эмес. Жалпысынан өлкөдө COVID-19дан көз жумгандардын расмий саны 2732 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 43 адамдан табылды.

Ал эми бир суткада 94 адам илдеттен сакайып чыгып, бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 454 бейтап, амбулатордук түрдө 582 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 996 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 693 киши айыгып чыкса, 2 миң 732 адам каза болду.

БИШКЕКТЕ ОК АТКАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Бишкек шаарында тапанчадан ок чыгарган жигит милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Ленин РИИБ билдирди.

Социалдык тармакта камуфляж кийген жигит тапанчадан ок чыгарган видео тараган.

Милициянын маалыматына караганда, окуя 12-ноябрга караган түнү Чүй менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Аталган факт КЖБРга Жоруктар жөнүндө кодексинин 121-беренеси (Калктуу конуштарда ок атуучу куралдан атуу) менен катталды.

Милиция кызматкерлери видеодогу жигитти бүгүн, 24-ноябрда РИИБге алып барышты. Видеодогу жигит 2002-жылы туулган Р.Б. экени белгилүү болду.

БШК ТӨРАЙЫМЫНЫН ОТСТАВКАСЫН ТАЛАП КЫЛЫШТЫ

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкек шаарындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында нааразычылык акциясы өтүп жатат.

Тынчтык митингге камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун тарапташтары чыгышкан. Алар колдоруна «Таза шайлоо жок», «Шайлдабекова кетсин» деген жазууларды кармап турушту.

Акциянын катышуучусу, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун айтымында, шайлоо жараянында талапкерлерге тең укуктар жана мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй жатат.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт, 27-октябрда талапкер болуп катталган Жээнбеков бирок үгүт жүргүзүү үчүн абактан бошотулган эмес.

Количество просмотров: 131