• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: COVID-19дан эки бейтап каза болду. Жапаров жаңы акимдерди дайындады

27 Аяк оона 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮЧА АБАЛ
Кыргызстанда сутка ичинде COVID-19 илдетинен эки бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Расмий маалымат боюнча, өлкөдө коронавирустан жалпы 2 602 адам каза болду.
Ал эми бир суткада 64 адам илдеттен сакайып чыкса, 59 адамдан вирус жаңы аныкталды.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 491 бейтап, амбулатордук түрдө 834 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 317 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 912 киши айыгып чыккан.

БИР ПАРТИЯ ШАЙЛООГО КАТЫШУУДАН БАШ ТАРТТЫ
Ооганстандагы согуштун ардагерлеринин жана башка жергиликтүү аскердик чыр-чатактардын катышуучуларынын саясий партиясы парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты.
Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, партия ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алган.
Белгилей кетсек, партиялар 13-октябрга чейин талапкерлеринин тизмесин БШКга өткөрүп бериши керек. Эске салсак, бардыгы болуп 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирген.

ЖАҢЫ АКИМ ДАЙЫНДАЛДЫ
Анаркулов Бактибек Кочкорович Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон.
Ошондой эле бүгүн, президенттин жарлыгы менен Дамир Кулубаев Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды. Кулубаев буга чейин Чүй облусунун Панфилов районунун акими болуп эмгектенген.

Количество просмотров: 457