• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Соңку жаңылыктар: COVID жуктурган 2 бейтап көз жумду. 1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт

30 Аяк оона 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Кыргызстанда 30-сентябрга карата коронавирус дагы 88 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ал эми бир суткада 104 адам илдеттен сакайып, ооруканадан чыкса, сутка ичинде Бишкекте жана Баткен облусунда бирден бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 430 бейтап, амбулатордук түрдө 808 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 532 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 206 киши айыгып чыкса, 2 миң 607 адам каза болду

ПЕНСИЯ КӨТӨРҮЛӨТ
1-октябрдан тарта 4785,4 сомго чейинки пенсияга 200 сом, ал эми 4785,4 сомдон жогорку пенсияга 500 сомдон кошулат. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда Өлкөдө пенсионерлердин жашоо минимуму – 4 миң 785 сомго тете деп эсептелет.
“Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 1,08 коэффициентине, бирок жалпы өлчөмү 4785,4 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 200 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4785,4 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 500 сомдон кем эмес индексацияланды. Пенсияларды кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча орточо 455 сомго жогорулап, пенсиянын орточо өлчөмү 6248 сомду түздү”,-деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, жогорулатуунун өлчөмү ар бир пенсионердин пенсиясынын өлчөмүнө жараша болот. 715,5 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого 984,9 миллион кошумча каражат керектелет.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда ушу тапта 715 миңдин тегерегинде пенсионерлер бар жана алардын саны жылдан жылга көбөйүүдө.

ОКУУЧУНУ СҮЗҮП КЕТКЕН АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ
Ошто окуучу кызды сүзүп кеткен автоунаанын айдоочусу табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБ боюнча МККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 28-сентябрь күнү, болжол менен саат 18:30дар чамасында, Ош шаарынын Анар кичи шаарчасынын тургуну, 8 жаштагы К. Р. атуу жаран, Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндө жайгашкан Манас-Ата кафесинин алдында батыштан-чыгышты көздөп жөө өткөөлдөн өтүп бара жаткан учурда, Дэу-Матиз үлгүсүндөгү автоунаа койдуруп, андан кийин Хонда-СРВ үлгүсүндөгү автоунаасынын алдын сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган.
Натыйжада К. Р. ден соолугунан жараат алып, Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген.
Бүгүн, 29-сентябрь күнү, аталган автоунаа жана айдоочусу 27 жаштагы А.Б.Б. атуу Ош шаарынын тургуну, Ош ШИИ боюнча Милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн Издөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан табылып, унаасы айып короого киргизилип, ээси Ош шаардык ИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 100