• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Дагы 5 адам коронавирустан көз жумду. Маршруттук таксилер ишке чыкты

7 Кулжа 202114:12 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 7-июнга карата дагы беш адам коронавирустан көз жумду. Соңку бир суткада дагы 362 киши ооруга чалдыкты.

Ушуну менен өлкөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы расмий саны саны 107 335, көз жумгандар 1852ге жетти. Айыккандар — 100 722 киши.

Кыргызстанда COVID-19 вирусу алгач 2020-жылдын мартында аныкталып, андан бери жугузуп алгандар улам өсүп жатат. Адистер ооругандардын саны расмий көрсөткүчтөн көп болушу мүмкүндүгүн белгилеп келүүдө.

Өлкөдө 2021-жылдын мартында Кытайдын «Sinopharm», Орусиянын «Sputnik-V» вакциналары менен эмдөө башталган.

МАРШРУТТУК КАТТАМДАР ИШКЕ ЧЫКТЫ

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы көпчүлүк маршруттук таксилер 6-июндан тартып каттамга чыкканын билдирди.

Мэриядан билдиришкендей, жол кире акысы шаардык кеңеш маселени караганча 10 сом бойдон калат. «Өзүмбилемдик менен жол кирени көтөргөн айдоочулар, жүргүнчүлөрдү тейлеген фирмалар мыйзам алдында жоопкерчике тартылат», деп айтылат маалыматта.

Айдоочулар жол киренин көтөрүлүшүн талап кылып 2-июндан тартып жапырт иш таштаган.

Алар ушул жылдын январь айында да нааразычылык акциясын уюштуруп, иш ташташарын айтышкан. Мэрия 1-майга чейин маселени чечүүгө убада берген.

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун айтымында, маселе шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккандыктан убагында каралбай калды. Мэриянын жол кире тууралуу өз алдынча чечим кабыл алууга укугу жок.

РАХМАН РАЗЫКОВ КӨЗ ЖУМДУ

Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү куудул, сатирик Рахман Разыков 6-июндан 7сине караган түнү дүйнөдөн кайтты. Жакындарынын билдиришинче, ал пневмония болуп ооруканада жаткан.

Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу районунун Таширов колхозунда, азыркы Савай айылында туулган.

Куудул «Таң жылдызы» “Бешилик”, “Беш кемпир», “Беш тапан” сыяктуу бир канча топторду негиздеген. Сатирадан тышкары ыр дагы жазганы белгилүү.

Разыков чыгармачылыктан тышкары саясий көз карашын да активдүү билдирип турган. Ал катышкан “Ар бир айдын алтысы”, “Ортодо турса үч пахан, оңолмок элек биз качан” сыяктуу концерттерде бийликтеги адамдар тамашага салынып, сындалчу.

Количество просмотров: 108