• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Дагы бир депутат мандатын тапшырды. Көлбаев камакта калды

24 Бирдин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 24 адамдан табылып, 59 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ал эми бир сутка ичинде 59 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 379 бейтап, амбулатордук түрдө 309 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 25 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 938 киши айыгып чыкса, 1 миң 460 адам каза болду.

САБИРОВ МАНДАТЫН ТАПШЫРДЫ

Жогорку Кеңештин «Республика Ата-Журт» фракциясынын депутаты Максат Сабиров мандатынан баш тартты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-февралда парламенттин жалпы жыйынында билдирип, тарапташтарына ыраазычылыгын айтты жана чечимин жаштарга жол берүү ниети менен түшүндүрдү:

«Мандатымды өзүмдөн кийинки жаштарга таштап кетүүнү туура деп чечтим».

54 жаштагы Сабиров Жогорку Кеңешке депутат болуп алгач 2010-жылы «Республика» партиясы аркылуу шайланган. 2015-жылы «Республика-Ата Журттун» тизмеси менен депутат болгон. 2020-жылдагы шайлоого да «Республика» партиясынан талапкер болгон.

КӨЛБАЕВ АБАКТА КАЛДЫ

Биринчи май райондук сотунун 17-февралдагы токтому менен Камчы Асанбекке (Камчы Көлбаев) карата баш коргоо чарасынын мөөнөтү 2021-жылдын 22-мартына чейин узартылды.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, “мыйзамдагы ууру” аталган уюшкан кылмыштуу топтун лидери КРнын өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №47 мекемесинде кармалат.

Камчыбек Асанбек 22-октябрда Бишкекте кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинежеткирилген.

Мындан мурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топту аныктоо жана ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында “мыйзамдагы ууру” аталган кримтөбөл Камчыбек Асанбек тууралуу маалыматтар алынганы айтылган.

Көрсөтүлгөн материалдар КР Жазык кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүмү боюнча (кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу) кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Количество просмотров: 127