• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Депутаттар “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” мыйзамга авторлош болуудан баш тартышууда. Кампада өрт чыкты

9 Кулжа 2023 14:06 Бишкек Govori.TV

БЕЙӨКМӨТ МЫЙЗАМЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” мыйзамга авторлош болуудан баш тартты. Бул тууралуу ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирген.

Анын айтымында, ал буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасына тиешелүү кат жолдогон. Депутат белгилегендей, ал «мыйзам долбоорунун өзүн ичинен изилдеп көрүү» максатында иштеп чыгуучулар тобуна кирген.

Буга чейин эл өкүлү Эмил Токтошев менен  Бактыбек Чойбеков дагы демилгечи топтон чыкканын айткан.

ЭРТЕҢ ИШЕМБИЛИК ӨТӨТ

Эртең, 10-июнда борбор калаада массалык ишембилик өтөт. Бул тууралуу Мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, көчөлөр, сейил бактар, аянттар тазаланат.

«Чарбалык субъектилердин, уюмдардын жана мекемелердин ишембиликтерин өткөрүү жерлери райондук администрациялар тарабынан аныкталат. Акимияттар тарабынан чарбалык субъекттерге ишембиликке катышуу тууралуу билдирүүлөр таратылды»,-деп жазылат маалыматта.

Мэрия шаар тургундарын ишембиликке чыгууга чакырды.

КАМПАДА ӨРТ ЧЫКТЫ

9-июнга караган түнү Бишкек шаарынын Матросов көчөсү, 1А (Сыр база) дарегиндеги кампалардын биринен өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрт таңкы саат 4:39да чектөөгө алынган.

«Өрт болжолдуу 3800 чарчы метр аянтка жайылган. Ыкчам аракеттердин арты менен 22 кислород баллону, 5 пропан баллону тышка чыгарылып, ламинат материалдар, 270 чарчы метр аянтта сакталып турган тазалоочу каражаттар, ошондой эле жакын жайгашкан кампалар сакталып калган»,-деп жазылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктан жабыркаган адамдар жок. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери уланууда.

Количество просмотров: 70