• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Депутаттар Конституция боюнча референдум тууралуу мыйзамды толук колдоду

11 Жалган куран 2021 14:12 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус 52 кишиден жаңы аныкталды. Киши өлүмү катталган жок. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 11-мартта билдирди.
Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1476 кишиге жетти.
Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 86 692 киши болду. Анын 83 718и айыгып чыкты. Азыр 291 киши ооруканаларда жатат. Анын 15инин абалы өтө оор, 79 кишинин акыбалы оор деп бааланган. Үй шартында 264 адам дарыланып жатканы расмий кабарланды. 

ЖК РЕФЕРЕНДУМДУ ДАЙЫНДАДЫ

Жогорку Кеңеш Конституция жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамды бүгүн, 11-мартта экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

Жыйынга катышкан 100 депутаттын 94ү макул деп, алтоо каршы деген добушун беришти.

Айрым депутаттар жана жарандык коом өкүлдөрү Конституциянын жаңы долбоору эреже бузуу менен кабыл алынып жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, бир ай ичинде коомдук талкуу өткөрүү талабы сакталбаганын, мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна киргизүү жана кабыл алуу процедурасы бузулганын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын корутундусу жок экенин, парламенттик угуу болбогонун белгилешкен. Биринчи окууда добуш берүү процедурасы одоно бузулганын, себеби залда 61 депутат отурса 87 депутат колдоду деп жарыяланганын айтышкан.

Кыргызстанда быйыл 10-январда референдум өтүп, президенттик башкаруу формасы тандалып алынган. Парламент Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун 3-мартта биринчи окууда кабыл алган.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 10-марттагы жалпы жыйында конституциялык реформа боюнча сын негизсиз экенин айтып, Конституциянын долбоору мыйзам талаптарына ылайык талкууланып жатканын билдирген жана “Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок” деп айткан.

КЫРГЫЗСТАНДЫК МЕТРОДО ЖАРАНДЫ САКТАП КАЛДЫ

Кыргызстанда төрөлгөн Сыймыкбек Алмазбек уулу Москвада метронун рельсине кулап түшкөн жаранды куткарып калды. Маалыматты жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, окуя 9-мартта болгон. «Текстильщики» метросунун рельстеринин бирине кулап түшкөн адамды куткарып калган. Жабыркаган орус улутундагы адам мас абалында болгон.

Белгилей кетсек, Сыймыкбек Алмазбек уулу 21 жашта, бүгүнкү күндө Россиянын жараны.

Количество просмотров: 65