• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: «Дордой» базарында өрт чыкты. Чүйдө турак үй күйүп 3 жаран каза болду

5 Теке 2022 14:01 Бишкек Govori.TV

“ДОРДОЙДО” ӨРТ ЧЫКТЫ
«Дордой» базарында чыккан өрттү өчүрүү аракети уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 5-июлда саат 11де билдиргендей, базарда жайгашкан тамактануучу жайдан өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.
Тилсиз жоо менен алышууга 10:19да өрт өчүрүүчү бир бөлүм, 10:25те кошумча эки бөлүм, саат 10:30да дагы бир бөлүм, суу ташуучу бир машина, 10:33тө бир, саат 10:36да дагы бир бөлүм тартылганы маалымдалды.
Жалпысынан өрттү өчүрүүгө Бишкек шаардык, Ленин, Свердлов жана Биринчи Май райондук өрт өчүрүү башкармалыктарынан алты бөлүм катышууда.
«Дордой» борбор калаадагы ири базар.

ӨРТТӨН ҮЧ АДАМ КӨЗ ЖУМДУ
Чүйдүн Беловодск айылындагы турак үйдөн чыккан өрттөн 3 жаран каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, бүгүн Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылынын К.Маркс көчөсүндөгү үйдөн өрт чыгып, кырсыктын кесепетинен 59 жаштагы аял киши, 64 жаштагы эркек жана 1 эркек киши (өздүгү такталууда)каза тапкан.
«Өрт таңкы саат 5:59да чыгып, өрттү өчүрүүгө N15 ӨККБдөн 1 бөлүм тартылган. Өрттүн жалпы аянты 12кв.м. түзгөн. Куткаруучулар тилсиз жоонун кесепетинен каза тапкан 1958-жылы туулган үй ээси С.К. аттуу жарандын жансыз денеси үйдүн короосунан табылса, үйдүн ичинен эки адамдын 1963-жылы туулган К.Б. аял киши жана өздүгү тактала элек 1 эркек кишинин жансыз денеси чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген», — деп айтылат билдирүүдө.

АЛА КАЧЫЛДЫ ДЕЛГЕН КЫЗ ТАБЫЛДЫ
Буга чейин Бишкекте кыз уурдоо фактысы катталып, окуяга тиешеси бар адамдар изделип жаткан. Бүгүн, 5-июлда уурдалды деген кыз жана анын уурдоого шектүү жаран кармалганын шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Милициянын маалымтына ылайык, 22 жаштагы Н.М. менен 21 жаштагы Б.Б. кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн. 23-июнда кыз жигити менен жолугуп, экөө урушуп кетишкен. Алар окуя тууралуу социалдык тармактарга маалыматтар жарыяланып кеткенден кийин милицияга баруудан коркуп, убакыт өтсө унутулуп калат деген ойдо болушканын билдиришкен.
Учурда аталган факты боюнча териштирүү иштери улантылып жатат.
Белгилей кетсек, 24-июнга караган түнү милициянын нөөмөт бөлүмүнө Эркиндик жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен кыз уурдоо фактысы катталганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Количество просмотров: 498