• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Эки акча алмаштыруучу жай айыпка жыгылды. Үй өрттөнүп бир адам каза болду

22 Бирдин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

КАРА-БУУРА РАЙОНУНУН АТЫ ӨЗГӨРӨТ
Айрым айыл-райондордун аталыштарын өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоору парламентте үч окуудан өттү.
Жогорку Кеңештин жыйынында “КР Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.
Алсак, аталган мыйзам долбоору аркылуу Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын Ормон хан айыл аймагы, Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылын Кайрагач айылы, Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чимгент айылын Чолпонбай айыл аймагынын Чолпонбай айылы жана Талас облусунун Кара-Буура районун Айтматов району деп кайра атоо сунушталууда.

АКЧА АЛМАШТЫРУУЧУ ЖАЙЛАРГА АЙЫП САЛЫНДЫ
Кыргызстандын Улуттук банкы эки акча алмаштыруу жайына жана эки жаранга айып салды.
Финансылык жөнгө салуучу орган билдиригендей, КР мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айыппул салынды.
Ошондой эле Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Т.М.А. жана Д.Б.К аттуу кыргыз жарандарына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды.

ҮЙ ӨРТТӨНҮП БИР АДАМ КӨЗ ЖУМДУ
Бишкектин 8-кичирайонундагы №20 үйдө өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, батирдин ичинде кийимдер, телевизор жана төшөнчүлөр күйгөн. Өрттүн кесепетинен 87 жаштагы К.М. аттуу кемпир каза болгон.
Өрттүн себеби такталууда.
Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында сегиз өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоону өчүрүүгө төрт бөлүм тартылган.

Количество просмотров: 231