• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Финполдун аркасынан түшкөн тергөө. Дагы бирөө кармалды. Коронавирустан 5 алам каза болду

8 Бирдин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 8-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан беш адам каза тапты. 42 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1431 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 113 адамга жетти. Андан айыгып чыккандардын саны — 81 714.

Стационарда 459 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 118 адам оор абалда, 31 киши өтө оор абалда жатат.  Амбулатордук дарыланууда 572 бейтап бар.

ВИЦЕ-МЭР КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда шаардык кеңештин жыйынында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Түлөбаевдин айтымында, ал башка кызматка дайындалды, ордуна талапкерлер каралууда.

Алымкулов мэрияда шаардын транспорт маселесине жооптуу вице-мэр болчу. Коронавирус эпидемиясы жаңы башталган айларда шаарды дезинфекциялоо, коомдук жайлардын ишин көзөмөлдөө милдетин аткарган.

Бишкек мэриясында биринчи вице-мэрден тышкары ар бир багытты тейлеген төрт вице-мэр бар. Быйыл апрель айында шаардык кеңешке шайлоо өтөт. Эреже боюнча, жаңы шайланып келген депутаттар мэрди шайлоо маселесин карашат.

ЖАСАЛМА ДОКУМЕНТ ЖАСАГАН АДАМ КАРМАЛДЫ

Кыргызстандан Россияга учак менен кетип жаткан жарандар жасалма медициналык тактамаларды колдонгон факт аныкталды. Тергөө иштерин ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын кызматкерлери жүргүздү, деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

«Каржы полициясынын мурдагы кызматкери, “Беш-Сары” соода борборунда жайгашкан “Тумар” жеке авиакассасында иштеп жүргөн Ж.А. кармалды. Андан медициналык мекемелердин жана дарыгерлердин, анын ичинде Москва шаарынын дарылоо мекемелеринин бир нече жасалма мөөрлөрү, штамптары табылган.

Шектүү Ж.А. жабырлануучуларды алдап, Россияга учуп кетүүгө жардам бере турганын айткан. Бул иш Жазык кодексинин 359-беренеси (документтерди жасалмалоо) боюнча катталды», — деп айтылат расмий билдирүүдө.

Жабырлануучулардын бири Т.Н. 46050 сомго Бишкек—Москва каттамы боюнча билет жана жасалма медициналык тактама сатып алган.

Количество просмотров: 4496