• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: ИИМ айдоочуларга кайрылды. Бишкектин бир бөлүгүндө 3 күн газ болбойт

11 Тогуздун айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

“АЛА-АРЧА” КӨРҮСТӨНҮ ЖАБЫЛАТ

Кечээ Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында, Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны болуп, отурумдун күн тартибинде он маселе каралды.

Ал маселелердин катарында жыйында Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» көрүстөнүндө сөөк коюуга орун калбай бара жаткандыгына байланыштуу Аламүдүн районундагы Байтик айыл аймагынан 22 гектар жерди «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан которуп, көрүстөн катары берүү чечими кабыл алынган.

31 гектар аянтты ээлеген «Ала-Арча» көрүстөнү 1948-жылы ачылган. 1973-жылы Фрунзе шаардык кеңеши көрүстөнгө мамлекетке эмгеги сиңген инсандардын гана сөөгүн коюу токтомун кабыл алган.

ИИМ АЙДООЧУЛАРГА КАЙРЫЛДЫ

Ички иштер министрлиги айдоочуларды Бишкекте унаа менен жүрүүдөн карманууга чакырат. Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, 12-13-октябрда Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий иш сапарына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына байланыштуу Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундарына жана конокторуна автоунаа менен жүрүүдөн алыс болууну өтүнөт.

Белгиленгендей, аталган иш-чара учурунда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун көчөлөрүнө маал-маалы менен гана чектөөлөр киргизилип турат.

ГАЗ 3 КҮНГӨ ӨЧӨТ

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт.«Бишкекгаз» шаардык газ кызматынын билдиришкендей, 11-октябрдан 13-октябрга чейин оңдоо иштерине байланыштуу «Красный Строитель» районунда, Сары-Челек көчөсү –Ала-Арча дарыясы — Айланма жолу – Киргизская көчөсү – Логвиненко көчөсү – Курманалиев көчөсү – Зеленая көчөсү – Новая көчөсү – Колхозная көчөсү – Заводской тар көчөсү менен чектелген аймакта, ошондой эле Элебесов көчөсүндө, Аул, Новосельская көчөлөрү жана кичи Чүй каналы менен чектелген аймакта газ убактылуу өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Количество просмотров: 152