• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Соңку жаңылыктар: ИИМ блогер эмне үчүн кармалганын айтты. ӨКМ 4 жаштагы кызды издөөнү токтотту

15 Баш оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КӨЛГӨ ЧӨККӨН КЫЗДЫ ИЗДӨӨ ТОКТОТУЛДУ

Ысык-Көлгө чөккөн 4 жаштагы кызды издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, издөө иштери сууга чөгүп кеткен адамдарды издөө 20-күнү токтотула турган куткаруу жана издөө иш-чаралары жөнүндө жобонун негизинде токтотулат.

«ӨКМдин куткаруучулары жана суучулдар 24 күн бою издөө иштерин жүргүзүштү, бирок натыйжа болгон жок. Издөө иштери беш аймакта эртең мененки саат 05:00дөн 21:0021:00-22:00гө чейин жүргүзүлдү. Суучулдар 20 метр тереңдикке киришти, көп сандаган куткаруу топтору тартылды. Алар көлдүн үстүндө, астында жана жээгинде издөө иштерин жүргүзүштү, бирок натыйжа болбоду», — дешти ведомстводон.

Министрликтен кыздын үй-бүлөсү куткаруучулары жок жапайы пляжда эс алгандыгын, муну менен коопсуздук эрежелерин бузгандыгын кошумчалашты. Андан тышкары, ал күнү аба ырайы начар болгон.

БЛОГЕРДИН ИШИ БОЮНЧА ИИМ МААЛЫМАТ БЕРДИ

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиевдин камалганын бышыктады. Анда 19 жаштагы блогер 14-августта Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеосун аталган баракчага жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылып, камалганы айтылат.

ИИМдин маалыматында «эски видеонун «Полит Узник» баракчасына жарыяланышында кээ бир активисттердин жалган жана так эмес маалымат таратуу кызыкчылыгы болгон жана Жетим-Тоо кенинин айланасындагы абалды курчутуу максатында коомдук ой пикирди атайылап манипуляциялоого багытталганы байкалат. Аталган жагдайда кылмыштын курамы болгонуна байланыштуу Кылмыш жаза Кодексинин 278-беренесинин («массалык баш аламандык») 3-пунктуна («бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш иши козголуп, Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө кызматы тарабынан тиешелүү ыкчам иш чаралар жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат.

Блогердин тарапташтары анын камалышын саясий куугунтук катары сыпаттап жатат.

БИШКЕКТЕ ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 5 АДАМ ЖАБЫРКАДЫ

Бишкекте Патриса Лумумба жана Волкова көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Fit менен BMW үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, BMW автоунаасы андан ары сүрүлүп барып, беш жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Үч жаран реанимацияга жаткырылган.

Учурда автоунаалар айып короо жайына токтотулуп, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Количество просмотров: 251