• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Ирактан 79 бала Кыргызстанга алып келинди. Коронавирустан дагы 1 адам көз жумду

16 Жалган куран 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус Чүй облусунда дагы бир бейтаптын өмүрүн алды. COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 16-мартта билдиргендей, бир күндө вирус 73 кишиден жаңы аныкталды. Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып оорудан кайтыш болгондордун жалпы саны 1484 кишиге жетти. Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 86 990 киши болду. Анын 83 924ү айыгып чыкты. Азыр 337 киши ооруканаларда жатат. Анын 15инин абалы өтө оор, 87 кишинин акыбалы оор деп бааланган. 307 адам үй шартында дарыланууда.

79 БАЛА ИРАКТАН АЛЫНЫП КЕЛИНДИ

Кыргызстандык 79 бала Ирактан «Мээрим» деп аталган гуманитардык миссиянын алкагында кайтарылды.  Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, кыргызстандык жарандардын балдары түшкөн атайын учак 16-мартта Бишкекке келди.

Аларды кайтарууга Кыргызстандын бийлиги, Кувейттеги элчилик жана БУУнун Балдар фонду жардам берген. Балдар Иракта калган энелеринин уруксаты менен алып келинди.

Маалыматка караганда, эми алар реабилитациядан өткөрүлөт. 2021-жылдын февралында Иракка Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирген жумушчу топ жөнөтүлгөн.

Өкмөт Сириядагы жарандарды да алып келүү үчүн учак жөнөтө турганы 10-мартта белгилүү болгон. Ал аракет качан ишке ашаары айтылган эмес.

Буга чейин Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан Сирия менен Ирактагы жарандарын жана алардын балдарын алып келген.

Качкындардын көпчүлүгү Сириянын түндүк-чыгышындагы Эл-Хасака аймагында жайгашкан “Аль-Хол” лагеринде жашап жатканы кабарланган. 11 миң адамга эсептелген бул жайда азыр 73 миң качкын бар, алардын 94% аялдар жана балдар.

 “ХАНСТИТУЦИЯГА КАРШЫБЫЗ” БОРБОРУНУН КЕҢСЕСИ ТИНТИЛДИ

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 15-мартта «Ханституцияга каршы» борборунун Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүздү. Бул тууралуу Жеңиш Молдокматов фейсбук баракчасы аркылуу түз эфир аркылуу билдирди.

Тинтүү  Тилекмат Кудайбергеновго козголгон кылмыш ишине байланыштуу болгон.

Бишкек шаардык милициясы Тилекмат Кудайбергеновго «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган билдирүүлөрүнө байланыштуу бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деген шек менен кылмыш ишин козгонун анын адвокаты Амантур Абдрахманов кабарлаган.

Кудайбергенов акыркы учурларда Конституциянын жаңы долбоорун жана бийликти сынга алып келаткан. 9-мартта Бишкекте ал долбоорго каршы жана Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митингди алып барган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) активисттин кармалышы жана «Ханституцияга каршы» борборунун Бишкектеги кеңсесиндеги тинтүү тууралуу расмий комментарий бере элек.

Количество просмотров: 96