Бишкек. 12.02.2019. Govori.TV.
Сатыбалдиев, Исаков жана Осмонбек Артыкбаевдин иши сотко өттү
Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш ишине тийиштиги бар делген мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана депутат Осмонбек Артыкбаевдин иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, материалдар Свердлов райондук сотуна келип түштү. Биринчи соттук отурум качан боло турганы азырынча белгисиз. Белгилей кетсек, айыпталуучулардын жактоочулары аларды күнөөлүү эмес деп айтышууда. Эскерте кетсек, аталган маселе боюнча кылмыш иши козголуп, энергетика тармагынын жооптуу кызматтарында отурган жети киши камакка алынган. Алардын арасында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электрстанциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов, мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана депутат Осмонбек Артыкбаев дагы бар. Алардын бардыгы жемкордук беренеси менен айыпталууда.
КТРКны жетектөөгө бир да талапкер арыз бере элек
Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жетекчилик ордуна бир да талапкер арыз тапшыра элек. Бул тууралуу каналдын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев билдирди. Ал оозеки сурап кызыккандар көп болгону менен расмий арыз түшө электигин кошумчалады. КТРКнын жетекчилигине сынак 18-январда жарыяланган. Арыздар 18-февралга чейин кабыл алынат. Жетекчини Байкоочу кеңеш жабык добуш берүү жолу менен тандайт. Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат. Сынак КТРКнын азыркы жетекчиси Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү аягына чыгып жатканына байланыштуу жарыяланган.
Экстремалдуу материалдарды тараткан жаран соттолду
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Фейсбукта экстремалдык мүнөздөгү материалдарды тараткандыгы үчүн жаранды соттоду. Маалыматка караганда, күнөөлүү «Калыс үмүт» баракчасына ар кандай экстремалдык атрибуттарды жана сүрөттөрдү жарыялаган. Мамлекеттик дин комиссиясынын экспертизасы боюнча, жарыяланган материалдар тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюмуна тиешелүү болуп чыкты. Соттук отурумда айыпталуучу экстремист эмес экендигин айтып, тыюу салынган эч нерсе жарыялабаганын кошумчалады. Бирок, сот анын ишине далилдер бар экенин билдирип, 1 жылга шарттуу түрдө кести.