• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Изделип жаткан 3 жаштагы бала табылды. Бишкекте журналист менен оператор кармалды

4 Жетинин айы 2022 14:12 Бишкек Govori.TV

ЖУРНАЛИСТ МЕНЕН ОПЕРАТОР КАРМАЛДЫ

Журналист Санрабия Сатыбалдиева жана оператор Калыс Аширбековду кармалышы боюнча ИИМдин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, күч органдары 3-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынан “системалуу түрдө акча опузалаган бир катар жарандарды” эки миң доллар каражат алып жатканда кармаган. Шектүүлөр депутаттарды “2016-2017-жылдагы аудиожазуулар менен шантаж кылганы” айтылды.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова журналисттин абалы начарлап ооруканага жеткирилгенин кабарлаган. Көп өтпөй ал ШИИБге алынып келинди.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова “кош бойлуу журналист-айымдын камалышы мыйзамга туура келбейт” деп билдирди. Оператор Калыс Аширбеков Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайында экени тастыкталды.

КӨЧӨДӨ ОК АТКАНДАР АНЫКТАЛДЫ

3-ноябрь күнү интернет тармагында белгисиз жарандар ок атып жатканы таратылган видео тараган.

Маалыматка караганда, ал видео боюнча тийиштүү чара көрүү үчүн материал 3-ноябрь күнү Ош ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган. Видеодогу ок атуучу куралдан ок чыгарышкан жарандарды тактоо максатында Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн.

«Иш-чаранын жүрүшүндө ок аткан жарандар такталып, алар Ош шаарынын 24 жана 29 жаштагы тургундары экени аныкталып, жарандар тергөөгө камсыз кылынган. Ошол эле учурда алардан далил буюм катары бир даана ок атуучу куралы жана газо пневматикалык бир даана ок атуучу тапанча, 2 даана ок атуучу куралдары алынган»,-деп айтылат маалыматта.

Териштирүүнүн жүрүшүндө аталган жарандардын ок чыгаргандардын себеби тергөөгө алынып келген жарандардын бири уулду болгондугун түшүндүргөн.

ИЗДЕЛИП ЖАТКАН БӨБӨК ТАБЫЛДЫ

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 3 жаштагы бала табылып, ата-энесине өткөрүп берилди. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-ноябрда милицияга 2019-жылы туулган баланын ата-энеси кайрылып, «Ош базарында» уулун таппай калганын айткан. Бала ошол эле күнү түнкү саат 11де аман-эсен табылган.

Учурда окуянын бардык жагдайлары териштирилип жатат.

Количество просмотров: 642