• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча катталган фактылар 9 миңден ашты. Коронавирус жуккандар кайра көбөйдү

20 Үчтүн айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

20-январга карата Кыргызстанда дагы 162 кишиге коронавирус жугуп, Бишкекте эки бейтап көз жумду.

Ооруга чалдыккандардын саны бир күн мурункуга караганда дээрлик эки эсе көп.

Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 83430 адамга жетти. Жалпы ооругандардын 79 373ү сакайды. Соңку бир күндө 124 адам айыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1392 адамга жетти.

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУК

Кыргызстанда 2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча катталган фактылар 9025ке жетти. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов парламенттин 20-январдагы сессиясында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, фактылардын 947си боюнча гана кылмыш иши козголуп, сотко жиберилген.

Бул көрсөткүч бир ай ичинде зомбулук боюнча 680ден ашык факты катталды дегенди түшүндүрөт.

Буга чейин укук коргоо органдары 2020-жылдын 11 ай ичинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8 337 факты катталганын жарыялаган.

ИИМдин маалыматына караганда, 2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу беш миңден ашуун факт катталган. 580 иш сотко чейинки териштирүүгө алынган.

КИЧИ АВТОБУСТАР КАТТАМГА ЧЫКТЫ

 Бүгүн, 20-январда Бишкек шаарындагы коомдук кичи автобустардын айдоочулары кадимки режимде иштеп жатышат. Бул маалыматты мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин шаарда жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобустардын айдоочулары жол кирени 10 сомдон 15 сомго жогорулатууну талап кылып, 18-19-январь күндөрү айрым айдоочулар каттамга чыккан эмес.

Количество просмотров: 30