• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Көчөдөн кызга кол салган жаран кармалды. Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор жолукту

31 Бугу 202214:02 Бишкек Govori.TV

КЫЗГА КОЛ САЛГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Коомдук жайда чоочун кызга кол көтөрдү деп шектелген адам Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 28-майда милицияга 12-кичи райондо түнкү саат 3:20 чамасында бейтааныш кишинин зомбулугуна эч себепсиз кабылганын айткан кыздан арыз түшкөн.

Факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (“Ээнбаштык”) негизинде кылмыш иши козголгон. Октябрь райондук милициясынын ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүү 40 жаштагы адамды кармап, камакка алышкан. Тергөө уланууда.

ЖАПАРОВ БАРДЫК СООДА ТҮЙҮНДӨРДӨ ККМ БОЛОРУН АЙТТЫ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда 2 миңге жакын шаар-кыштактардагы соода түйүндөрүнө көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) киргизиле турганын билдирди.

Бул тууралуу ал 31-майда президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин жыйынында сүйлөп жатып айтты. Жапаров кассалык аппараттарды киргизүү салык тармагындагы коррупцияны азайтууга өбөлгө болуп жатканын кошумчалады.

«Бир эле чек деген механизм менен бир жагынан эл алган айлыгын кайда жумшап жатканын көрөбүз. Экинчиден, ишкердин ак ниет экендиги ачылат. Тартип ушинтип башталат. Чектер менен далай сырлар ачылат, ишкерлер бир топ салыктардан качып жүргөнү ачыкка чыгат. Чек талап кылуу менен – ишкерлерди жумшак тартипке чакырабыз», — деди Жапаров.

Буга чейин дагы бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылык билдирип, митинг-пикеттерди өткөргөн. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтышкан. 30-майда өкмөт үйүнүн алдында 100дөй ишкер көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонууга каршы акцияга чыккан. Ушундай эле акция Таласта да өттү.

ЧЕК АРА БОЮНЧА ЖУМУШЧУ ТОПТОР ЖОЛУГУШТУ

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Бишкекте өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта 25-30-май күндөрү өткөн жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда болгону айтылды.
Жумушчу топтордун келерки жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтө турган болду.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына кыргыз-тажик чек арасынын 664 чакырымы такталганын билдирсе, 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында аны ырастаган.

Количество просмотров: 141