• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Көчөгө ымыркайын таштаган келин изделүүдө. Эки депутаттын ыйгарым укуктары токтотулду

1 Чын куран 2021 14:08 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 1-апрелдеги маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен бир адам каза болду. Көз жумган бейтап Бишкек шаарындагы ооруканада жаткан. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1500 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 164 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (97) жана Чүй облусунда (51).

Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 88 538 адамга жетти.

Бир күндө 88 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 504 адам жатат, дагы 688 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4248 адамга жетти, алардын 4197си айыгып чыкты.

ЭКИ ДЕПУТАТ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ТОКТОТТУ

Парламентке КСДП партиясы менен шайланган Марат Аманкулов депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну суранып Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазган.

Анын арызын 1-апрелдеги жыйынга катышкан БШКнын сегиз мүчөсү канааттандырды. Аманкуловдун бош калган мандаты Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаевге тийди.

Ал эми “Өнүгүү-Прогесс” саясий партиясынынан депутат болгон, мурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров башка кызматка өткөндүктөн депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду. Анын ордун Мейкинбек Абдалиев ээледи.

Мирлан Бакиров 30-мартта Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалган. Ал 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесин жетектеген.

Жыйынтыгы жокко чыгарылган былтыркы парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясын жетектеп барган Марат Аманкуловго Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “мыйзамсыз баюу” фактысы менен 19-мартта иш козгогон.

ЫМЫРКАЙЫН ТАШТАГАН ЭНЕ ИЗДЕЛҮҮДӨ

Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине ымыркайын таштап кеткен келин изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 19-мартта саат 07:35 чамасында Салиева көчөсүндө ак чүпөрөккө оролгон абалда бала табылып, балдар үйүнө жеткирилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 150-берене (“коркунучта калтыруу”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

“Андан бери дээрлик 10 күндөн ашуун убакыт өтсө дагы наристенин апасы табыла элек. Апасын издөө иштери бүгүнкү күндө деле улантылууда”,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 174