• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Күйүп кеткен вагондон эркек кишинин сөөгү табылды. Бишкекте үч унаа кагышты

7 Жалган куран 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 7-мартка карата коронавирус 10 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Акыркы суткада 39 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 153 бейтап, амбулатордук түрдө 260 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 641 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 685 киши айыгып чыкса, 2 миң 966 адам каза болду.

ҮЧ УНААНЫН КАТЫШУУСУНДА ЖОЛ КЫРСЫГЫ КАТТАЛДЫ

Бишкекте үч автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 09:00дө Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа Элебесов көчөсү менен түштүктү көздөй бара жатып, көпүрөдөн каршы тилкеге чыгып, «Хонда Фит» жана «Лексус» үлгүсүндөгү автоунааларды сүзүп алган.

Жол кырсыгынан үч жаран жабыркагандыгы айтылууда.

Азыркы учурда жол кырсыгы катталган жерде кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.

ӨРТТӨНҮП КЕТКЕН ВАГОНДУН ИЧИНЕН ЭРКЕК КИШИНИН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Чүйдүн Сокулук районунда күйүп кеткен вагондун ичинен эркек кишинин сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Западное айылында аянты 24 чарчы метр болгон вагон толугу менен күйгөн.

Өрттүн кесепетинен орус улутундагы 51 жаштагы П.С. аттуу эркек кишинин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында жети өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө тогуз бөлүм тартылган.

Количество просмотров: 201