ЧЕК АРАДАГЫ АБАЛ
Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку ок атышууга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Анда алгач тараптар Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде жолугуп, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетүү, эки өлкөнүн кеңири курамдагы делегацияларынын жыйынын 13-апрелде күндүзгү ок атышуу болгон аймакта — Лейлек районундагы Селкана тилкесинде өткөрүүнү макулдашты.
Ушул тушта аймакта күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Тажикстан соңку окуя жана сүйлөшүүлөр тууралуу расмий маалымат бере элек.
Баткендеги абалды көзөмөлдөп, күч кызматтары менен жергиликтүү бийликтин ишин координациялоону жеринен Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жүргүзүүдө.
12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында эки жолу ок атышуу болгон. Кыргызстандын расмий маалыматына караганда, алгач Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталды.
Саламаттык сактоо министрлиги Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку ок атышууда Кыргызстандын эки жараны, бир жоокер менен жергиликтүү тургун жараат алганын билдирген. Жараат алган жергиликтүү тургунга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин анын абалы канааттандырарлык болгондуктан амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Ал эми жоокердин абалы орто, анын бутуна, санына жана таманына октун чачырандылары тийген.
“ЖАЙЫНТТАР” ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМ КАЙРА КАЙТАРЫЛДЫ
Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңеш Жер кодексине, «Жайыттар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, экинчи окууга кайра кароого жөнөттү. Анда талкуу, суроо-жооп маалында чыгып сүйлөгөн депутаттардын дээрлик баары каршы чыгып, «документ чала жазылган, элдин пикири эске алынган эмес, коррупцияга, жерлердин мыйзамсыз ээлеп алуусуна жол ачат» деген дооматтар айтылды.
Өткөн айдын аягында парламенттин тармактык комитети аталган мыйзам долбоорун колдогон эле.
Айыл чарба министрлиги долбоор жайыттарды сарамжалдуу пайдаланууга багытталганын билдирип келет. Ошондой эле жалпы жайыттардын 10% бакча катары өздөштүрүлөрүн, бул Кыргызстандагы жемиш бактары тигилген жерден эки эсе көп экенин түшүндүргөн.
Министрлик өздөштүрүлгөн жайыттар жеке менчикке берилбей турганын, айыл чарба аянтынын мамлекеттик фондунун курамына киргизилип, 5 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилерин белгилеген.
АБАКТАГЫ БЛОГЕР ЖАНЫН КЫЙУУГА АРАКЕТ КЫЛДЫ
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу камакка алынган ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева 12-апрелде милициянын убактылуу кармоочу жайында өз жанын кыйууга аракет кылып, билегин кескенин ырстады.
“Белгисиз себептерден улам өз өмүрүнө кол салуу максатында сол колунун билегин учтуу нерсе менен кескилеп салган. «Тез жардам» кызматы алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жеткирилип, абалы турукташкандыгына байланыштуу кайрадан убактылуу кармоо жайына киргизилди”,-деп айтылат маалыматта.
Буга чейин адвокат Назгүл Сүйүнбаева 12-апрелде милициянын убактылуу кармоочу жайында Жолболдуева өз жанын кыйууга аракет кылып, колунун тамырын кескенин билдирген.
Милиция аларга Арзыгүл Галымбетова 25-мартта кайрылып, ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева аны каралап жатканын айтып, арыз жазганын билдирген. Бирок мындан көп өтпөй эле журналист каза болгон.
Анын өлүмүнөн кийин жабырлануучунун арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.