• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Кар көчкүдөн улам Долон ашуусу жабылды. Коронавирустан 1 адам көз жумду

17 Жалган куран 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 17-мартка карата коронавирус 13 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 10, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 39 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 109 бейтап, амбулатордук түрдө 122 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 776 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 985 киши айыгып чыкса, 2 миң 976 адам каза болду.

ДОЛОН АШУУСУ ЖАБЫЛДЫ

Кар көчкү түшүп, Долон ашуусу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунун 296-297 чакырымында тактап айтканда Долон ашуусунда 2022-жылдын 17-март күнү болжол менен саат 10:00 чамаларында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.

Нарын ОИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмү Бишкек – Нарын жана Нарын – Бишкек багытындагы унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Азыркы учурдагы унаа жолдун жогорудагы аталган бөлүгүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди.

АКСЫ ОКУЯСЫ ЭСКЕРИЛДИ

Бүгүн, 17-мартта, Жогорку Кеңештин депутаттары Аксы окуясында каза болгондорду эскерип, “Ала-Тоо” аянтындагы 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында курман болгондорго арналып тургузулган монументке гүлчамбар коюшту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 2002-жылдын 17-мартында Аксы районунун тургундары ошол учурдагы бийликтин туура эмес жүргүзгөн саясатына каршы чыгып, нааразычылык билдиришкен. Натыйжада жергиликтүү элге ок атылып, алты адам каза болгон жана бир тобу жараат алган.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров дагы Аксы окуясында курман болгондорду эскерип, монументке гүл койгон.

Ошондой эле министрлер кабинетинин жана президенттин администрациясынын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров монументтин алдына гүл коюшту.

Количество просмотров: 159