• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Каракчылыкка шектелгендер кармалды. Москвада кыргызстандыктар каза болду

8 Баш оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ҮЙ ТОЛУГУ МЕНЕН КҮЙҮП КЕТТИ
Бишкек шаарында эки кабаттуу үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Ленин районуна караштуу Чоң-Арык айылынын Соликамская көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
«Өрт саат 05:51де чектөөгө алынып, 08:44тө толугу менен өчүрүлгөн»,-деп айтылат маалыматта.
Такталган маалымат боюнча өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.

КАРАКЧЫЛЫККА ШЕКТЕЛГЕНДЕР КАРМАЛДЫ
Бишкек шаарында каракчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-август күнү болжол менен саат 23:40 чамасында «102» кызматына Д. Сяопин көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайлардын биринде каракчылык кылып жатышат деген маалымат келип түшкөн. Анда 1997-жылы туулган И.Д.аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз үч жаран медициналык беткап менен кирип келип, арыз ээсин бычак менен коркутуу менен ачык түрдө акча тоноп кетишкен. Ошол жарандарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
«Кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган Т.М. жана 1999-жылы туулган Х. Д. аттуу жарандарды кармалып, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Тергөө иштери уланууда.

МОСКВАДА ЭКИ КЫРГЫЗСТАНДЫК КАЗА БОЛДУ
Москвада жаан учурунда канализацияда оңдоо иштерин жүргүзүп жатканда жоголгон үч жумушчу каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, окуя 7-август күнү болгон. Люблино районунда 13 жумушчу арыкты тазалап жаткан учурда катуу жамгыр жаап, суунун агымы көбөйүп аларды агызып кеткенин билдирген. Бешөө коллектордон өз алдынча чыгып, дагы бешөөнү куткаруучулар чыгарган, үчөөнү таба албай калышкан. Кийинчерээк жоголгондордун баары каза тапканы белгилүү болду.
Алардын бири Тажикстандын жашоочусу, ал эми экөөсү Кыргызстандан экени белгилүү болду.

Количество просмотров: 105