• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Кеминде 16 жаштагы кыздын өлүмү иликтенүүдө. Антикоррупциялык кызмат жоюлат

23 Кулжа 202113:38 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 23-июнга карата коронавирус дагы 738 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 496 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 396 адам дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 31 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 5 миң 187 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 793 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 117 миң 284 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 106 миң 383 киши айыгып чыкса, 1 миң 953 адам каза болду.

АНТИКОРРУПЦИЯЛЫК КЫЗМАТ ЖОЮЛАТ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы антикоррупциялык кызмат (АКС) жоюлат. Буга байланыштуу президенттин жарлыгы даярдалып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-июнда ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолукканда айтты.

“Каржы полициясынын ишин терең анализдеп, көптөгөн арыздарды эске алуу менен өзүн-өзү актаган жок деген жыйынтыкка келгенбиз жана аны жоюу тууралуу чечимди кабыл алганбыз. Бул бизнести колдоо багытындагы чечкиндүү кадам болгон. Муну улай УКМКнын алдындагы антикоррупциялык кызмат жоюлат”, — деди Жапаров.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетердин алдында, 14-октябрда «2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюлган болчу. Бирок былтыр октябрда президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековдун бул жарлыгын жокко чыгарган.

16 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫН ӨЛҮМҮ ИЛИКТЕНЕТ

Кеминде 16 жаштагы кыздын өлүмү иликтенүүдө. Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы 42 жаштагы шектүү кармалганын, 23-июнда бөгөт чарасы аныкталарын кабарлады.

Тергөөнүн баштапкы маалыматына караганда, кыз үйдөн мектепке — аттестат алууга баратканда киши колдуу болгон. Анын сөөгү ошол күнү кечинде токойдон табылган. Ал кыздын телефонунан чалып алууну суранганы, андан ары тийишип, кыз кыйкырганда муунтуп салганы айтылган.

Билим берүү жана илим министрлиги окуяга тынчсыздануусун билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасынын орунбасары Жылдыз Бакашова күч органдарына кыздын өлүмүн дыкат иликтөөнү тапшырган.

Количество просмотров: 109