• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Кодуранова үй камагына алынды. Карамушкина ЖКда чыр чыгарды

10 Тогуздун айы 2019 14:46 Бишкек Govori.TV

Бишкекте милиция кызматкери ок чыгарды.

Бишкекте 9-октябрда эртең менен саат 08:20 чамасында милиция кызматкери 25 жаштагы жигитке карата ок чыгарды. Бул маалыматты Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, Масалиев жана Алымкулов көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочулар жол талаша кетип, Тойота Камри үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу өзүн милиция кызматкери, Бишкек Шаардык Ички Иштер Башкы Башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Амангулов деп тааныштырган. Милиция кызматкери жол талашкан жаранга шашып жатканын айткан. Ал эми экинчи айдоочу милиция кызматкеринин суранычын канааттандырбай, экөөнүн ортосунда кайым айтышуу орун алып, ал белгисиз каражат менен милиция кызматкери Амангуловго кол көтөргөн. Милиция кызматкери өзүнүн коопсуздугу үчүн тапанчасын алып чыгып, асманга 2 жолу ок чыгарган. Натыйжада 1994-жылы туулган А.Ж. жарандын сол колуна ок тийип, Бишкектеги Травматология жана илим изилдөө борборуна кайрылганы маалым болгон.
Мындан тышкары, ал Ленин Райондук Ички Иштер Башкармалыгына арыз менен кайрылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “бейбаштык” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылып жатат,-деп айтылат маалыматта.


Депутат Асель Кодуранова 9-декабрга чейин үй камагында болот

ЖК депутаты Асель Кодуранованын баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда 9-октябрдын түнү каралды. Анда сот депутатты 9-декабрга чейин үй камагына киргизүү тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу тарапташтары билдиришти.
Белгилүү болгондой, депутат Кой-Таш окуясы боюнча эки берене менен айыпталып, анын макамы күбөдөн шектүүгө өзгөртүлгөн. Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын жыйынында Кодуранова кылмышты уюштурууга жана адамды барымтага алууга байланыштуу беренелердин негизинде шектелип жатат.
Эске салсак, Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычев мурунку президент жана КСДПнын бир катар мүчөлөрүнө каршы көрсөтмө бергени тууралуу маалымат тараган.
Бугун Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина парламенттин жалпы жыйынында президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, аны кабыл алууну суранды.
Эл өкүлү акыркы кезде укук коргоо органдары жарандардын жана депутаттардын укуктарын бузуп жатканын айтып, ал боюнча унчукпай отурууга болбой турганын белгиледи.

Депутат, андан сырткары, Атамбаевге ТЭЦ, көмүр, жер тилкеси жана башка иштер боюнча коюлуп жаткан айыптардын бардыгы учурунда парламенттин, төраганын уруксаты менен ишке ашканына токтолду, коюлуп жаткан айыптар боюнча өзү гана жооп бербестен, ага жол берген, макул болгондордун да жоопкерчилиги каралышы керектигин кошумчалады.


Кыргызстан Мьянма менен ойнойт

Бүгүн 10-октябрда, Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:30да Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы, 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында, Мьянманын курама командасы менен беттешет.
Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган. Кыргызстандын «Ак шумкарлары» алгачкы беттешинде Тажикстанга 0:1 эсеби менен жеңилген. Азыркы тапта Кыргызстан менен Мьянма командаларынын эсебинде бир да упай жок. F тайпасында биринчи оорунга эки оюнда алты упай топтогон Тажикстандын курама командасы чыкты. Экинчи Жапония, Үчүнчү орунда Монголия келе жатат.
Боло турган футбол беттешинен улам борбоор каалада бир катар көчөлөр саат 18:00дөн оюн аяктаганга чейин жабыларын Бишкек шаардык жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Количество просмотров: 106