• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Кой кайтарып жүргөн 8 жашар баланы сел агызып кетти. Айт намазы эски аянтта окулбайт

12 Бугу 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 12-майдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада илдеттен сегиз бейтап каза болду. Алардын бешөө Бишкекте, үчөө Чүйдө катталды. Муну менен пандемияда вирустан көз жумгандардын жалпы саны 1675 адамга жетти.

Акыркы суткада 283 киши коронавирусту жугузуп алды. Алардын көбү Бишкекте (158) жана Чүйдө (75) катталды. Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 99 316 адамга жетти.

Бир күндө 289 адам сакайып чыкты. Учурда 1755 бейтап стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 89 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

АЙТ НАМАЗ АЯНТТА ОКУЛБАЙТ

Коронавирус пандемиясына байланыштуу соңку кырдаалдан улам Орозо айт намазы быйыл да Бишкекте эски аянтта окулбайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Шаардык бийлик борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч экенин эскертип, май айынын башынан бери эле 2 138 кишиден COVID-19 илдети аныкталып, бул оорудан 38 адам каза болгонун билдирди.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлагандай, Орозо айт быйыл 13-майда болот. Айт намаз Муфтият белгилеген мечиттерде гана санитардык эрежелерди сактоо менен окулат.

Коронавирус пандемиясынан улам былтыр да Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулган эмес.

8 ЖАШАР БАЛАНЫ СЕЛ АГЫЗЫП КЕТТИ

Ош облусунун Өзгөн районунда 8 жаштагы баланы сел агызып кетип каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Акжар айыл аймагындагы 11-май күнү саат 13:20 чамасында Большевик айылында жааган жаандын кесепетинен тоодон сел жүргөн. Ошол учурда жеринде кой кайтарып жүргөн 2013-жылы туулган У.А. аттуу баланы сел суулары агызып кеткен. Өспүрүм туугандары тарабынан табылып, ооруканага алып барган учурда каза болгон.

Белгилей кетсек, 11-май күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары турак үйлөрдүн короолорун каптаган.

Количество просмотров: 114