• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирус 1 адамдан аныкталды. Ошто 22 жаштагы келиндин жансыз денеси табылды

21 Чын куран 2022 13:55 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БИР АДАМДАН АНЫКТАЛДЫ

Кыргызстанда 21-апрелге карата коронавирустун бир жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, илдеттен 9 бейтап айыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 5 бейтап, амбулатордук түрдө 35 адам дарыланууда.

Стационарларда дарыланып жаткан 5 бейтаптын баарынын абалы оор.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 983 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 360 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

22 ЖАШТАГЫ КЕЛИНДИН ЖАНСЫЗ ДЕНЕСИ ТАБЫЛДЫ

Ош облусунун Кара-Суу районунун Ынтымак айылында 22 жаштагы келиндин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү 20-апрелде эгин талаасынан табылган. Алдын ала текшерүүдө каза болгон жаран Алай районунун тургуну, 2000-жылы туулган М. кызы А. экендиги аныкталган.

«Маркумдун жакындарынын айтымында, ал 14-апрелде жолдошунун үйүнөн ата-энесинин үйүнө барган. Ал төркүнүнө эч нерсе айткан эмес. Ошол күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Жакын туугандары эч кимге айтып, арыз менен кайрылган эмес»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда маркумдун эмне себептен каза болгондугун тактоо үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалып, ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

ТЕЛЕФОН УУРДООГО ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

Бишкекте дүкөндөн эки уюлдук телефонду уурдап кетти делген адам кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Свердлов райондук милциясына З. Р. аттуу жаран 11-апрелде болжол менен саат 18:00дө соода борборлордун бириндеги дүкөндөн белгисиз адам 45 миң 500 сомдук эки даана уюлдук телефонду уурдап кеткенин айтып, арыз менен кайрылган.

Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (“Урдоо”) негизинде иш козголгон.

Жүргүзүлгөн комплекстүү издөө-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 40 жаштагы С.А. аттуу жаран кармалган. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Количество просмотров: 71