КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Акыркы суткада коронавирус 1965 кишиден аныкталды. Анын 1490 учуру Бишкек шаарында катталды. Бул былтыркы жылдын июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 30-июндагы маалыматына ылайык, соңку суткада вирустан сегиз бейтап каза болду. Алардын экөө Бишкекте, үчөө Баткенде бирөө Ошто жана экөө Ысык-Көл облусунда катталды. Муну менен коронавирустун курмандыктары Кыргызстанда 2000 адамга жетти.
Мурда ооруп жаткандардын ичинен 571 киши сакайып чыкты. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын 125 003 киши жугузуп, анын 110 082 айыкты.
КОРОНАВИРУСТУН ӨСҮҮСҮ ТУУРАЛУ МЭРИЯНЫН БИЛДИРҮҮ
Бишкекте акыркы сутка ичинде 1 миң 490 адамдан коронавирус жаңы табылган.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянсак, 30-июнга карата ооругандардын саны кескин көбөйгөн жок. Жалпысынан калаадагы абал туруктуу, бирок чыңалуу бойдон калууда.
«Мындай көрсөткүч Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда кармалып турган күмөн санаткан анализдердин жыйынтыгынын чыгышы жана айрым жеке лабораториялар бир нече күндүн жыйынтыгын бергендиги менен түшүндүрүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Бишкек шаардык мэриясы борбордо массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганын эскертет жана шаардыктарды бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого чакырат.
ЖАЛГАН МААЛЫМАТ МЫЙЗАМЫНА КАРШЫ ЧЫГЫШТЫ
Жогорку Кеңештин тармактык комитети 29-июнда “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган.
Буга байланыштуу бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин алдында жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы митингге чыкты.
Активисттер президентти парламент документти кабыл алса да, ага кол койбоого үндөп жатышат.
Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 28-июнда “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган.
Эске сала кетсек, жарандык коом былтыр, 29-июнда дал ушул мыйзамга каршы митингге чыккан.
Мыйзамдын авторлору Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова.