• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Коронавирус дагы 2 адамдын өмүрун алды. Өкмөттүн жаңы курамы ЖК комитетинде талкууланат

2 Бирдин айы 202114:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы эки бейтаптын өмүрүн кыйды. Эки учур тең Бишкек шаарында катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин 2-февралдагы маалыматына караганда, бир күндө вирус 58 кишиден жаңы аныкталды.

Пандемияда илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча жалпы 1414 кишиге жетти.

Өлкөдө COVID-19 пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 84 646 болду. Анын 81 102си сакайган. Бир күндө ооруканалардан 115 бейтап айыгып чыкты.

“ЭЛЕКТР СТАНЦИЯЛАРЫ” ИШКАНАСЫНЫН ДИРЕКТОРУ АЛМАШТЫ

Кыргызстанда «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Жолдошбек Ачикеев өз арызынын негизинде кызматтан кетти. Анын биринчи орун басары Таалайбек Бектенов ишканага жетекчи болуп дайындалды.

«Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечимди директорлор кеңеши 1-февралда кабыл алды.

Жолдошбек Ачикеев аталган ишкананы 2020-жылдын февралынан бери жетектеп келе жаткан. Анын жумуштан кетүү тууралуу чечиминин себеби кабарланган жок.

“Электр станциялары” ачык акционердик коому — «Улуттук энерго холдингдин» курамындагы компаниялардын бири.

Анда өлкөдөгү бардык электр энергиясынын 98% өндүрүлөт. Ишкананын курамына жети ГЭС, эки ЖЭБ кирет.

ӨКМӨТТҮН ЖАҢЫ КУРАМЫ КОМИТЕТТЕ ТАЛКУУЛАНАТ

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети өкмөттүн программасын, жаңы курамын карайт. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди.

1-февралда парламенттеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырган. Марипов өкмөттүн курамы 22ден 16га чейин кыскара турганын айткан.

Бул арада жергиликтүү басылмалар жеке булактарына таянып, өкмөттүн алдын ала курамын жарыялады.

Количество просмотров: 58