• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирус дагы 3 адамдын өмүрүн алды. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы авиарейстердин саны өсөт

4 Бирдин айы 2021 14:03 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, 4-февралга карата вирустан Бишкекте дагы үч киши каза болду. Кыргызстан боюнча 70 адамдан оору табылды.

Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 84 832 киши болду. Жалпы ооругандардын 81 334ү сакайды. Соңку бир күндө 102 адам айыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1418 кишиге жетти.

КЫРГЫЗ-ОРУС АБА КАТТАМДАРЫНЫН САНЫ ӨСӨТ

8-февралдан тарта Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы авиарейстердин саны өсөт. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги россия тарабы менен жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча Россия Федерациясынын өкмөтү тарабынан эки өлкөнүн ортосундагы түз үзгүлтүксүз авиа байланыштын санын жумасына 6 каттамга чейин көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Ошентип, 2021-жылдын 8-февралынан тартып, Кыргыз Республикасынын жарандары Бишкек шаарынан Москва шаарына «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын 3 үзгүлтүксүз каттамы жана «Аэрофлот- Российские Авиалинии» авиакомпаниясынын 3 үзгүлтүксүз авиа каттамдары менен уча алышат.

“Үзгүлтүксүз авиарейстердин көбөйүшү коронавирустун жаңы штаммын Кыргыз Республикасына алып кирүүгө жол бербөө максатында алдын ала көрүлгөн чаралардан улам Кыргыз Республикасында коронавирус илдетине чалдыккандардын санынын олуттуу түрдө төмөндөшү менен жалпы эпидемиологиялык кырдаалдын турукташынан улам ишке ашып жаткандыгын белгилейбиз”, – деп айтылат маалыматта.

КЫРСЫКТА 2 КИШИ КАЗА БОЛДУ

Ат-Башы районунун Ак-Кокту тилкесинде «Ауди С4» жана «Тойота Ипсум» унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен эки эркек киши каза болуп, үч адам оор жаракат алган.

Жерине куткаруучулар тартылып, жабыркаган адамдарды Ат-Башы райондук ооруканасына жеткиришкен, ал эми каза болгондорду ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 45