КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 15-июндагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен алты адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын төртөө Бишкекте, бирөө Чүйдө, бирөө Ысык-Көлдө катталды. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1905 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 514 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Ош шаарында. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 111 343 адамга жетти. Бир күндө 367 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2052 адам жатат, дагы 3080 бейтап үйдөн дарыланууда. Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон.
ОРУСИЯДАГЫ ЖАРЫЛУУДА ҮЧ КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАБЫРКАДЫ
Орусияда автогаз куюучу бекеттеги жарылуудан кеминде үч кыргызстандык күйүк алып жабыркады. Бул тууралуу 15-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, окуя Новосибирск шаарында дүйшөмбү 14-июнда болгон. Денесинин 20% күйгөн 53 жаштагы эркектин абалы азыр туруктуу, өмүрүнө коркунуч жок. 5% күйүк алган 20 жаштагы кыргыз жараны медициналык жардам алгандан кийин үйүнө кое берилген. Жабыркаган үчүнчү адамдын денесинин 7% күйгөн, ал азыр ооруканада.
Жарылуудан жана өрттөн бекеттин жанындагы кафе күйүп кетти. Аны кыргызстандык келин ижарага алып иштетип жүргөн. Ошол эле жерде дөңгөлөк алмаштыруучу жайда кыргыз жараны иштеп жаткан. Ал жана кафени иштеткен келин качып чыгууга үлгүрүшкөн. Новосибирск мэриясынын маалыматына караганда, коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан чыккан кырсыктан жалпысынан 35 адам жабыркады. Өрт 1200 чарчы метр жерге жайылып, бекеттин жанында турган бир нече автомашина да күйүп кетти. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.
ЭКС-ВИЦЕ-МЭР МЫЙЗАМСЫЗ БАЮУГА АЙЫПТАЛУУДА
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек мэриясындагы жемкорлукту аныктоо ишинин алкагында мурдагы вице-мэрлердин биринин мүлкү боюнча кылмыш иши тергелип жатканын 15-июнда билдирди. Кеп Бишкекте вице-мэр болуп 2019-2020-жылдары иштеген Уланбек Азыгалиев жөнүндө болуп жатканын аныкталды.
УКМКнын маалыматына караганда, ал кызмат абалынан пайдаланып, мыйзамсыз баюу жана материалдык киреше алуу максатында өзүнө байланышы бар компанияларга көп кабат үй куруу үчүн уруксат кагаздарын алууга жардам берген деп шектелүүдө.
Атайын кызмат мурдагы вице-мэрдин өзүнө жана жакындарына Бишкекте жана Ысык-Көлдө жети жер тилкеси, 11 кеңсе жайы, төрт турак эмес жай, 11 батир, 10 автоунаа токтотуучу жай, Ысык-Көлдө эки коттеж, кымбат баалуу беш автомашина катталганын билдирди. УКМК жалпысынан 100 миллион сомдон ашуун каражатка бааланып жаткан мүлк мурдагы муниципалдык кызматкердин кирешеси тууралуу расмий маалыматка дал келбей турганын, учурда ыкчам тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.