• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 2 адам көз жумду. Бишкек-Ош унаа жолунда эки унаа кагышты

25 Бирдин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 25-февралга карата коронавирус 25 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Акыркы суткада 132 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 199 бейтап, амбулатордук түрдө 905 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 427 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 194 миң 796 киши айыгып чыкса, 2 миң 952 адам каза болду.

МЫЙЗАМСЫЗ БЕРИЛГЕН ЖЕРЛЕР КАЙТАРЫЛДЫ

Исфана мэриясы тарабынан 55 жаранга мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Текшерүүдө белгилүү болгондой, Лейлек районунун Исфана шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз түрдө 55 жарандын ар бирине 0,06 га, жалпысы 3,3 га жер тилкеси  жеке менчикке берилип кеткен.

Аталган факты боюнча Исфана шаарынын мурунку мэри А.А. Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакциясы) 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен айыбы угузулуп, кылмыш иши кароо үчүн Лейлек райондук сотуна жиберилген. 

Областтык прокуратуранын сотко келтирген доо арызы менен жалпы 44 млн. сомдук жер тилкеси Исфана шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кайтарылды.  

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 2 АДАМ ЖАБЫРКАДЫ

Бишкек-Ош унаа жолунда эки унаа кагышып, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 460-чакырымында “ВАЗ 2121” үлгүсүндөгү жана “Хюндай Портер” үлгүсүндөгү унаалардын каттышуусунда жол кырсыгы катталган.

«Натыйжада 1979-жылы туулган М.Б. жана 1978-жылы туулган Т.Н.аттуу эркек кишилер жабыркап, куткаруучулар жеткенге чейин тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 109