• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 2 адам көз жумду. Өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер 308ге жетти

13 Тогуздун айы 2021 14:13 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 13-октябрда ооруну жугузуп алган эки бейтап каза болду.

63 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, коронавирус жугузуп алып каза болгондордун бардыгы вакцина албагандар. Ооруну жугузуп алгандардын көбү Бишкекте. Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 179 492 адамга жетти. Пандемия башталгандан бери жалпы 2 624 адам каза болду. Бир күндө 122 адам сакайып чыкты. Бүгүнкү күнү 430 адам ооруканада, 623 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

ШАЙЛООГО АТТАНГАНДАР КӨБӨЙҮҮДӨ

Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшыргандар 13-октябрга карата 308 адамга жетти. Арыз бергендердин көбү өзүн-өзү көрсөткөндөр. БШКнын маалыматына караганда, 12-октябрда 80 киши арыз тапшырды.
БШК арыз тапшыргандардын 36сын расмий талапкер катары каттады.
Бүгүн, 13-октябрь бир мандаттуу округдан депутаттыкка ат салышуу үчүн арыз тапшыруунун акыркы күнү. Ал эми катталуу үчүн документтерин 18-октябрга чейин тапшырууга тийиш. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчоо каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес. Ушул күндөрү партиялар курултай өткөрүп, тизмелерин тактап жатат.

МУГАЛИМДЕРДИН АЙЛЫГЫ КӨТӨРҮЛӨТ

2022-жылы мугалимдердин айлык акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын, президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучусу Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров тарабынан мугалимдердин эмгек акысын эки эсеге жогорулатуу боюнча тапшырма коюлган.

“Ал үчүн салыкты фискалдаштыруу, аткезчиликти жоюу, көмүскө экономикадагы акчаны иреттеп алыш керек. Айлык салык көбөйгөндө гана өсөт. Алдыдагы биринчи кварталдын динамикасын карап, мүмкүнчүлүк болсо мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт”, — дейт ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев: “2022-жылы мугалимдердин айлыгын көтөрөбүз деп айта аласызбы?” деген тактоочу суроосуна Жапаров: “Көтөрөбүз” деп жооп узатты.

Количество просмотров: 90