• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 2 адам каза болду. Жапаров инаугурация күнү жолду жабууга жана көп чыгым жумшоого каршы

22 Үчтүн айы 2021 14:16 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

22-январга карата Кыргызстанда дагы 118 кишиге коронавирус жугуп, Ысык-Көлдө бир, Чүйдө бир бейтап көз жумду.

Ооруга чалдыккандар кийинки күндөрү кайра көбөйө баштады.

Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 83703 киши болду. Жалпы ооругандардын 79 664и сакайды. Соңку бир күндө 155 адам айыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1396 кишиге жетти.

ЖАПАРОВ АНТ БЕРҮҮДӨГҮ ЧОҢ ЧЫГЫМДАРГА КАРШЫ

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров 28-январда өтчү инаугурация аземине кетчү чыгымдарды азайтууну тапшырды.

Белгилей кетсек, кечээ журналисттерге президенттин аппарат жетекчиси, президенттин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов инаугурацияга 10 млн сом сарптала тургандыгын билдирген.

Өз кезегинде Садыр Жапаров көп чыгымга каршы экендигин билдирген. Кошумчалай кетсек  жаңы шайланган президент инаугурация күнү «Ала-Арча» резиденциясынан баштап, Токтогул Сатылганов атындагы филармонияга чейинки жолду жабууга тыюу салды.

Ошондой эле редакцияга кошумчалашкандай, Садыр Жапаров президент болгондон кийин да ГАИнин коштоосун алып, жол жапканды токтотот.

БИШКЕКТЕ КАФЕ КҮЙДҮ

Бишкектин Абдымомунов көчөсүндөгү «Пур-Пур» кафеси өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кафенин 200 чарчы метр чатыры жана ичинде 2 муздаткыч, 2 кир жуучу машина, 2 электр плита жана шкаф күйгөн.

Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 63