• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 3 адам көз жумду. Шаршеналиев Бишкектин вице-мэри  болду

4 Бирдин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 4-февралга карата коронавирус 202 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Акыркы суткада 591 адам илдеттен сакайып чыкты, 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 966 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 784 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 164 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 189 миң 983 киши айыгып чыкса, 2 миң 896 адам каза болду.

КАЙРА ШАЙЛООГО 52 ТАЛАПКЕР КАТТАЛДЫ

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке бир мандаттуу Бишкектеги №27 Биринчи май (27 талапкер) жана №29 Свердлов округдарынан (25 талапкер) кайра шайлоого жалпысынан 52 талапкерди каттады.

Талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу 30-январда аяктаган жана жалпысынан 72 кишиден арыз түшүп, анын 55и керектүү документтер топтомун тапшырып үлгүргөн.

Бул эки округда 2020-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар көп болгондуктан быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

БИШКЕККЕ ЖАҢЫ ВИЦЕ-МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ

Бишкек шаарынын мэри Шаршеналиев Нурлан Алтымышовичти калаанын вице-мэри кылып дайындады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, шаар башчысы Айбек Жунушалиев буга чейин аталган кызматты ээлеп келген Таалайбек Орозовду башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошоткон.

Нурлан Шаршеналиев Кемин районунун тургуну, 1985-жылы туулган. Эки жогорку билими бар: экономикалык жана юридикалык.

Количество просмотров: 149