• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 5 адам көз жумду. Чек ара чырында каза болгондордун үй-бүлөсүнө үй салынат

10 Бугу 2021 14:15 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 10-майдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада илдеттен беш адам каза болду. Алардын үчөө Бишкекте, экөө Чүй облусундагы ооруканаларда жаткан. Муну менен пандемияда вирустан көз жумгандардын жалпы саны 1660га жетти.

Акыркы суткада 254 киши коронавирусту жугузуп алды. Алардын көбү Бишкекте (195) катталган. Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 98 654 адамга жетти.

Бир күндө 257 адам сакайып чыкты. Учурда 1683 бейтап стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 91 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

БАТКЕНДЕ ҮЙЛӨР САЛЫНА БАШТАДЫ

Баткенде чек арадагы окуяда каза болгон жарандардын үй-бүлөсү үчүн 36 турак үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен башталды. Буга чейин мамлекет башчы 28-29-апрель күндөрү чек арадагы куралдуу кагылышууда каза болгон 36 адамдын үй-бүлөлөрүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү тапшырган.

Турак үйлөрдүн пайдубалын тургузуу аземине президенттин Баткен облусунун чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, “Ихлас” курулуш компаниясынын өкүлдөрү, курман болгондордун жакындары катышкан.

Курулуш үчүн шаардык мэрия Чет-Булак кварталынан 2 гектар жер бөлүп берген. Ар бир үй-бүлөгө алты сотых жер берилип, ага төрт бөлмөлүү бардык шарты менен тамдар салынат. Аталган аймакка бала бакча жана сейил бак курулары айтылды.

МОЛДОКМАТОВДУН ЖАКТООЧУСУ СОТТУН ЧЕЧИМИНЕ НААРАЗЫ

“Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун жактоочусу Кантемир Турдалиев Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арызданат. Бул тууралуу жактоочу Турдалиев билдирди.

“Молдокматовго алгач Жазык кодексинин “Имараттарды жана курулуштарды басып алуу” беренеси менен айып коюлган. Аны эми “Массалык башаламандыктар” беренесине которушту”-деди жактоочу.

Эске салсак, Молдакматов 6-майда камакка алынган. Ошол эле күнү эртең менен саат 10:00дө суракка кирип, саат 13:30да чыккан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулмаларды басып алуу») боюнча айып тагылган.

Количество просмотров: 105