• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 7 адам каза болду. Доллар арзандады

19 Бугу 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 19-майдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен жети адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкекте, үчөө Чүйдө, бирөө Таласта жана дагы бирөө Ысык-Көл облусунда катталды.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1725 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 253 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (120) жана Чүй облусунда (84).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 101 209 адамга жетти.

Бир күндө 315 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1569 адам жатат, дагы 2427 бейтап үйдөн дарыланууда.

ДОЛЛАР АРЗАНДАДЫ

Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу 84 сомдон ылдый сатылып, алынып жатат. Бул акыркы беш айдан бери эң төмөнкү көрсөткүч.

Бирок, Улуттук банктын расмий сайтында курс 84,2 сом бойдон турат.

Жогорку Кеңеште доллардын курсунун арзандап жатканы тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго суроо берилди.

“Доллардын курсунун арзандашынын бир нече себеби бар. Биринчиден, мамлекетибизде күзүндө жана жазында долларга талап өсүп кетет. Биздин ишкерлер тыштан товарлар сатып алып, кампасын толтурат. Бул учурда Улуттук банк интервенция жасап, курстун кескин өсүп кетпеши үчүн чара көрөт. Мындан тышкары акча которуулар деген тышкы факторлор бар. Ал дагы мезгил-мезгили менен болуп турат. Ошондой эле жайында чет элдин валютасы менен келген туристтердин саны көбөйөт. Экспорт көбөйсө дагы өлкөгө чет элдин валютасы кирет. Ушул факторлор сомдун курсуна таасир этет”, — деди Абдыгулов.

ЧЕК АРАДА ЖАБЫРКАГАНДАРГА ЖАРДАМ

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандарга жалпы 98 млн сом чогулду. Бул тууралуу чогулган каражаттарды көрсөткөн сайтта жазылат.

Ага ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын эсебине 90 млн 779 миң 469,16 сом, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине 2 млн 218 миң 573 сом жана Бишкек шаарынын мэриясынын эсебине 5 млн 885 миң 634,37 сом түштү.

Белгилей кетсек, учурда чогулган каражаттар коротула элек.

Количество просмотров: 220