КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан жети бейтап каза болду. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, вирустан көз жумгандардын алтоо Бишкекте, бирөө Чүйдө катталган. Муну менен вирустан каза болгондордун саны Кыргызстанда 1718 кишиге жетти.
18-майда 234 киши коронавирусту жугузуп алды. Алардын көбү Бишкекте (112) катталды. Өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 100 миң 966 адамга жетти.
Бир күндө 282 адам сакайып чыкты. Учурда 1605 бейтап стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 86 бейтаптын абалы оор экени кабарланды.
Кыргызстанда Кытайдын «SinoPharm» жана Орусиянын «Спутник V» вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат.
ПРЕЗИДЕНТТИН БАСМА СӨЗ КАТЧЫСЫ АЛМАШТЫ
Президенттин басма сөз кызматында кадрдык алмашуу болду. 18-майда мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык президенттин басма сөз катчысы болуп Эрбол Султанбаев, президенттик администрациянын Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Марс Нурай дайындалды.
Эрбол Султанбаев буга чейин Маалыматтык саясат бөлүмүндө, Марс Нурай Улуттук Банктын басма сөз кызматында иштешкен.
Басма сөз катчылык кызматты 2020-жылдын октябрынан бери аркалап келген Галина Байтерек президенттик администрациянын Билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Маалыматтык саясат бөлүмүн быйыл 1-февралдан бери Нуркамал Асканова жетектеп келген.
18-майда президент Садыр Жапаров администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду.
ЖОЛДУБАЕВА СУРАККА ЧАКЫРТЫЛДЫ
КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бүгүн, 18-май саат 16:00дө Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.
Маалыматка караганда, Жолдубаева камактагы саясатчы Жеңиш Молдокматовдун иши боюнча суракка чакырылган.
«Бийлик кош стандарттуу саясат жүргүзүп жатат. Бул өлкөдөгү азыркы абалды мүнөздөп турат»,-деп жазган ал.
Эске салсак, Жеңиш Молдакматов 6-майда камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулмаларды басып алуу») боюнча айып тагылган. Кийин 264-берене менен 2 айга камакка алынган.