• Дүйшөмбү 8 Жалган куран 2021

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан Бишкекте 2 адам каза болду. Депутаттар “Кумтөрдү” иликтешет

17 февраля 2021 в 14:03 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 17-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19дан жана пневмониядан баш калаа Бишкекте эки адам каза болду​. Республика боюнча 55 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган былтыркы март айынан бери илдеттин курмандыктары 1446 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 619 адамга жетти. Андан айыгып чыккандар 82 452 адам болду.

Азыркы тапта ооруканада 410 бейтап дарыланууда, алардын 123ү оор, 22си өтө оор абалда. Үйүнөн 371 бейтап дарыланып жатат.

ДЕПУТАТТАРЫ КУМТӨРДҮ ИЛИКТЕЙТ

Кумтөр боюнча депутаттык комиссия түзүлмөй болду. 17-февралда Жогорку Кеңештин отурумунда күн тартибине бул маселени «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Жыргалбек Турусбеков сунуштап, депутаттар колдоду.

Турусбеков өз сунушун “жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш коопсуздугу менен элдин социалдык экономикалык абалын жакшыртууга байланыштуу Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгүн текшерүү комиссиясын түзүү зарыл болууда” деп негиздеди.

Бирок айрым депутаттар Кумтөргө байланыштуу комиссиялар натыйжалуу иштебей келгенин эскертишип, анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу сын-пикирлерди айтышууда.

Жыйында “Кумтөр” кенинин ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссия түзүлүп, ага 12 эл өкүлү кирди.

СЕЙДАКМАТОВА АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТЫЛДЫ

Бишкекте бүгүн, 17-февралда Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрынын алдына уюштурулган коштошуу иш-чарасына расмий бийлик өкүлдөрүнөн Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, президенттик аппараттын бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаев жана чыгармачыл интеллигенция, маркумдун жакындары катышууда.

Кыргыз театр жана кино искусствосунун залкар таланты, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 16-февралда 82 жаш курагында көз жумду.

Количество просмотров: 72