КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 28-октябрагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду, үчөө тең вакцина албагандар.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2664кө жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 124 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (64 адам) жана Чүй облусунда (29 адам).
Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 180 989га жетти.
Азыр ооруканада 705 бейтап жатат, дагы 699 адам үйдөн дарыланууда.
ТАМАККА УУЛАНГАНДАР 300ГӨ ЖЕТТИ
27-октябрга карата Бишкектеги «Империя пиццы» кафесинен тамактанып, ууланган жарандардын саны 300гө жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Массалык уулануу 23-24-октябрь күндөрү аталган кафеде суши-роллы жегендер арасында катталган. Жабыркагандар Темир жол бейтапканасында, Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасы менен Улуттук госпиталда дарыланып жатышат.
«Бейтаптардын абалы туруктуу, калган уулангандарга керектүү медициналык жардам берилгенден кийин үйлөрүнө жиберилди»,-деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарындагы «Империя пиццы» кафесинин түйүндөрү эпидемиологиялык иликтөө иштери жүргүзүлгөнгө чейин жабылган болчу.
ӨЛКӨДӨ БИР КҮНДӨ 12 ӨРТ КАТТАЛДЫ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 28-октябрга карата 12 өрт кырсыгы катталып, андан эки адам каза болду.
Бишкектин Свердлов районундагы Маяковский көчөсүндөгү күйүп кеткен үйдөн 45 жаштар чамасындагы адамдын сөөгү табылган. Ошондой эле Бишкектин четиндеги Кырман жаңы конушундагы автоунаа жуучу жай жана андагы вагон өрттөнгөн. Өрт өчүрүүчүлөр вагондун ичинен кишинин сөөгү табышкан. Учурда каза тапкандардын тек-жайы такталууда жана өрттүн себеби иликтенип жатат деди министрлик.