• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан дагы 2 адам көз жумду. Аскер кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлдү

24 Аяк оона 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 24-сентябрагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан эки адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2597 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 87 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (41 адам).

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 178 123 адамга жетти.

Бир күндө 92 адам айыгып, ооруканадан чыкты. Азыр ооруканада 535 бейтап жатат, дагы 858и үйдөн дарыланууда.

ЧЕК АРАДА ОКУУЧУЛАР КАРМАЛДЫ

Лейлек районунун Жаштык айылынан эки өспүрүмдү Тажикстандын күч кызматкерлери 23-сентябрда кармап кетти. Бул тууралуу  балдардын биринин атасы — Азам Гапаров билдирди.

Гапаровдун айтымында, алар такталбаган чек ара аймагында автоунаага жүк артып жаткан учурда кармалган. Учурда облус жетекчилигинин деңгээлинде жолугушуу болору күтүлүүдө.

Ал эми Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын билдирди.

22-сентябрда да Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында мектеп окуучулары чырдаша кетип, кыргызстандык төрт окуучу, тажик тараптан бир бала менен бир чоң киши жабыр тарткан.

АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН АЙЛЫГЫ КӨТӨРҮЛДҮ

Үстүбүздөгү жылдын 1-августунан тарта аскер кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Коргоо министрлигинин финансы башкармалыгынын башчысынын орун басары Асхат Оморов билдирди.

Анын айтымында, офицердик курамдын айлык акылары 50%га, ал эми сержанттык курамдын айлык акылары 30 %га көбөйгөн.

“2018-жылы сержанттык курамдын айлык акылары 30%га көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу, офицердик курамдын айлык акыларын 50 пайызга, ал эми сержанттык курамдыкын 30%га көтөрүү чечими кабыл алынган. Мисал келтире кетсем, буга чейин взводдун командири 7 миң 600 сом алса, учурда ал 12 миң сом алат. Ошондой эле бригаданын командири буга чейин 9 миң алып келсе, ал 14 миң сом алат”, – деп түшүндүрдү ал.

Оморов кошумчалагандай аскер кызматкерлери сентябрдан тарта жогорулаган айлык акыларын алышат.

Количество просмотров: 168