• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан дагы 3 адам көз жумду. БШК добуштарды эсептөөнү улантууда

15 Үчтүн айы 2021 14:05 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

15-январга карата Кыргызстанда дагы 134 кишиден коронавирус табылып, үч бейтап көз жумду.
Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 857 адамга жетти. Жалпы ооругандардын 78 715и сакайды. Соңку бир күндө 152 адам айыкты.
Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1374 адамга жетти.

ДОБУШТАР КОЛ МЕНЕН САНАЛУУДА

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоодо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо референдумунда берилген добуштарды кол менен эсептөөнү улантууда. БШКнын маалыматына караганда, 15-январга карата чет өлкөдө жайгашкан беш шайлоо участогунан добуш бюллетендери келе элек.

Жалпысынан кол менен эсептөөдө шайлоого жана референдумга берилген добуштардын пайызы теңелип, 39,29% түздү. Ал эми добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөрдүн берген маалыматында шайлоого добуш бергендер 39,27%, ал эми референдумга добуш бергендер 39,43% түзгөн.

Боршайком маалымдагандай, кол менен эсептөөдө берилген добуштарда өзгөрүү болгон эмес. Референдумга берилген добуштардын 81,44% «президенттик башкаруу» үчүн, ал эми шайлоого берилген добуштардын 79,28% талапкер Садыр Жапаров үчүн деп берилген.

10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум өткөн. Мамлекет башчылыкка ат салышкан 17 талапкердин ичинен баштапкы маалыматтар боюнча Садыр Жапаров 79,22% добушка ээ болуп, атаандаштарынан кыйла озуп кеткен.

ЭСКИРГЕН ТАТТУУЛАР ТАБЫЛДЫ

Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызмат (Финпол) 12-январда эскирген кант, печенье жана башка таттуулар сакталган кампаны таап, жаапты. Мекеменин басма сөз кызматы 15-январда маалымдагандай, кампада 2017-2018-жылдары эле мөөнөтү аяктаган таттуу азыктар сакталып турган. Мындан тышкары кампадан таңгакталган азыктардын жасалган мөөнөтү тууралуу маалыматтарды өзгөртүүчү жабдуулар, таттуу азыктардын жасалган күнү жазылбаган актай таңгакчалары да табылган.
Кампага мөөр басылып, жабылды.
Финпол бир ай мурун жаңы жылдык майрамдарга карата эскирген таттуу азыктарды таңгактап, сатуу фактысын да аныктап, кылмыш ишин козгогон. Анда айрым ишкерлер эскирип, мөөнөтү өтүп кеткен таттуу азыктарды жаңы жылдык кооз кутуларга таңгактап, Бишкектеги жана Оштогу ири соода дүкөндөрүнө, базарларга өткөрүшкөнү аныкталганы кабарланган.

Количество просмотров: 31