КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 16-сентябрдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада инфекциядан 3 адам көз жумду. Соңку бир суткада вирус дагы 95 адамдан табылды.
Баткен, Ош жана Талас облустарында вирус жуктургандар катталган жок.
Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери вирус жуктургандардын жалпы саны — 177 484 болду. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны — 171 902. Каза тапкандардын жалпы саны 2581 кишиге жетти.
АЛМАЗ САРЫБАЕВ КАРМАЛДЫ
«АКБ Толубай» ЖАКтын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев кармалды.
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 309-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу) боюнча кылмыш ишин иликтөөдө. Анын алкагында ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асанов кармалган.
16-сентябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 15-сентябрда Сарыбаев камакка алынган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Буга чейин Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов “бийликти күч менен басып алууга даярданып жүргөн” деген шек менен камалды.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Алтынбек Сулайманов, Бакытбек Жетигенов, Канатбек Исаев жана Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимов Ички иштер министрлигине сурак берип чыгышты.
МИЛИЦИЯ ИНТЕРНЕТ АЛДАМЧЫЛАР БОЮНЧА ЭСКЕРТТИ
Алдамчылар WhatsApp аркылуу ар кандай сунуштарды жөнөтүп жатышат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматына караганда, алдамчылар банктарга жана микрокредиттик уюмдарга салыштырмалуу насыя берүүдө ыңгайлуу шарттарды сунуштап жатышат. Аны менен катар банк картанын номурун же өздүк маалыматтарды сурашат.
Милиция жарандарды белгисиз номур менен байланышкан абоненттерге ишенбөөгө чакырат.
«Мындай сунуштар кооптонууну туудуруп, шек жаратыш керек. Ошондой эле алдамчылар өздөрү белгилеп алган адамдарына банктардын же компаниялардын ар кандай кызматтарынан телефон чалып жатышканын айтышат. Сиздин ишенимиңизге кирүү үчүн алдамчылар атыңызды, жашаган жериңизди айтып же банк картаңыздын сандарын айтышы мүмкүн. Мындай алдамчылыкка ишенбеңиздер», — дешет милициядан.
Ошондой эле Бишкек ШИИББ алдамчылар банктардын жалган сайттарын же социалдык тармактардагы баракчаларын түзүп, жарандардын өздүк маалыматтарын алышарын белгиледи.
Милиция мындай алдамчылардан жабыркаган жарандардан жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылууну суранат.