• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан дагы 5 адам көз жумду. ЖК депутаты мэрликке талапкерлигин көрсөттү

18 Баш оона 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

17-августка карата Кыргызстанда 269 адам илдет жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Коронавирустан дагы 5 киши каза тапты. Ал эми бир суткада 534 адам илдеттен сакайып чыккан.  Ушуну менен былтыр марттан бери өлкөдө вируска чалдыккандардын жалпы саны — 172 937 адамга жетти. Оорудан сакайгандар — 164 344 киши. Илдеттен жалпы 2462 адам көз жумду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 823 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 894 адам дарыланууда.

КЫДЫРАЛИЕВДИН ДЕПУТАТТЫК УКУКТАРЫ ТОКТОДУ

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы депутат Умбеталы Кыдыралиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Буга анын өзүнүн жазган арызы негиз болгон.

ЖКнын депутаты Кыдыралиевдин күбөлүгү жараксыз деп табылды. Партиянын тизмесине ылайык, Жогорку Кеңешке “Республика-Ата-Журт” фракциясынан депутат болуп Авазбек Абдугапаров келиши мүмкүн.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев буга чейин “Кыргызалтындын” башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган. Ал өкмөттүн уруксаты менен, Мамлекеттик мүлк фондунун чечими менен дайындалган.

САМАЕВ ТОКМОК МЭРЛТГТНЕ ТАЛАПКЕРЛИГИН КӨРСӨТТҮ

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев Токмок шаарынын мэрлигине талапкер болуу тууралуу арызын жазды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, азырынча депутат биринчи болуп талапкерлигин көрсөткөн.

Эске салсак, мэр шайлоо 26-августка белгиленген, бүгүн, 18-августта Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэри кызматына талапкерлерди каттоонун акыркы күнү.

Количество просмотров: 158