• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан дагы 5 киши каза болду. Биринчи Май районунда жетекчилик алмашты

3 Аяк оона 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 3-сентябрдагы маалыматына караганда, соңку бир суткада өлкө боюнча бул инфекциядан беш киши каза болду.
Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2 541 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 175 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору менен 176 193 адам расмий катталды. Азыр ооруканада 960 адам жатат, дагы 979 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 92 адам айыгып чыкты.

Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 170 261ге жетти.

ЖАПАРОВ БАЭ ДЕЛЕГАЦИЯСЫН КАБЫЛ АЛДЫ

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль Мазруи баштаган делегацияны кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары менен эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө, ошондой эле ата мекендик экономиканын бардык секторлорунда инвестициялык долбоорлорду биргелешип иштеп чыгууга, ишке ашырууга кызыкдар жана даяр экенин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров кыргыз тарап Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Заид Аль Нахаяндын Кыргызстанга келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын кошумчалады. Мындан сырткары, президент жакын арада Абу-Дабиге расмий сапар менен барууну пландап жатат.

ЫРСАЛИЕВ АКИМ БОЛДУ

Бишкек мэриясында кадрдык алмашуулар болду. Бул тууралуу маалымат шаар башкармалыгынын сайтына 3-сентябрда жарыяланды.

Мэр Айбек Жунушалиевдин буйругу менен Биринчи Май районунун акими Максат Нусувалиев кызматынан алынды. Анын ордуна буга чейин шаардын биринчи вице-мэри болуп иштеп жаткан Жамалбек Ырсалиев дайындалды.

Жунушалиев мэр болуп 26-августта шаардык кеңештин депутаттарынын отурумунда дээрлик бир добуштан шайланган.

Нусувалиев аким болуп 2020-жылдын ноябрында дайындалган. Ырсалиев да мэрияга жетекчилик кызматка 2020-жылдын ноябрында келген. Алгач вице-мэр болуп иштеп, быйыл июнда биринчи вице-мэрликке дайындалган.

Төрт райондон турган Бишкек шаарынын мэриясында биринчи вице-мэрден тышкары ар бир багытты тейлеген төрт вице-мэр бар.

Количество просмотров: 169