• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан дагы 7 киши көз жумду. Абылгазиев ооруканага которулду

8 Кулжа 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда соңку бир суткада COVID-19 илдетинен жети киши каза болду. 379 адамдан жаңы аныкталды. Мындай маалыматты саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев Коронавируска каршы ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Каза болгондордун бардыгы Бишкек шаарында катталды. Муну менен өлкөдө вирустан көз жумгандардын жалпы саны 1859 адамга жетти. 5-июнга карата соңку бир күн ичинде COVID-19дан 311 адам сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча коронавирусту 107 714 киши жугузду. Анын 101 033ү сакайды.

Өлкөдө 2021-жылдын мартында Кытайдын «Sinopharm», Орусиянын «Sputnik V» вакциналары менен эмдөө башталган. Майдын соңунда кытай препаратынын биринчи дозасы түгөнгөн. Ушул күнгө чейин 80 миңден ашык киши эмделди.

АБЫЛГАЗИЕВ ООРУКАНАГА КОТОРУЛДУ

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ооруканага түштү.

Ал учурда Бишкектеги «Бикард» жеке менчик бейтапканасында дарыланууда. Аталган медициналык мекемеден кабарлашкандай, Абылгазиев жүрөк -кан тамыр ооруларын дарылап жатат.

УКМК бул маалыматка комментарий бере элек. Абылгазиев 26-январда кармалган. Ал коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шек саналууда. Майдын соңунда сот аны камактагы мөөнөтүн 26-июлга чейин узарткан.

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 1 АДАМ КАЗА БОЛУП, ЖЕТӨӨ ЖАБЫРКАДЫ

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда жол кырсыгынан 1 киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 8-июнь күнү түнкү саат 2:30да Жайыл районунда Тойота Прадо менен Митсубиси Галант үлгүлөрүндөгү жеңил унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен Митсубиси Галант унаасынан болжол менен 40-45 жаш чамасындагы А.К. аттуу эркек киши каза болуп, 4 адам (2 эркек, 2 аял), Тойота Прадо унаасынан 3 адам (2 эркек, 1 аял) ар кандай жаракат алышкан.

Жерине 5 куткаруучу тартылып каза болгон адамды унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар “Тез жардам” кызматы аркылуу Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.

Количество просмотров: 454