• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан дагы 9 адам көз жумду. Нарында мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма аныкталды

21 Теке 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 21-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан дагы тогуз бейтап көз жумду. Бишкекте беш, Чүйдө үч, Нарында бир киши каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 205 адамга жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 102 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында — 827 бейтап. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 152 709 адамга жетти. Андан 128 905 бейтап айыкты. Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат.

Ушул күндөрү 4 509 адам ооруканада дарыланууда. Алардын ичинен 232 бейтаптын абалы өтө оор, 1 305 кишиники оор деп бааланууда.

ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТЫ АЛДЫН АЛУУ

Президент Садыр Жапаров 21-июлда Министрлер кабинетине өлкө аймактарында табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүүнү тапшырды. Ал сел, жер көчкү, суу ташкыны болуу ыктымалдыгы жогорулап жаткандыктан, тиешелүү мамлекеттик мекемелер жогорку даярдыкта иштөө режимине өтүшү керектигин билдирди.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Садыр Жапаров сел, жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон кооптуу аймактарга туруктуу мониторинг жүргүзүп, көзөмөл кылуу зарыл экенин эскертти.

Ошондой эле Жалал-Абад жана Баткен облустарында табигый кырсыктын кесепетинен каза болгондор менен жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, аларга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлөт деп убада берди.

20-июлда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда алты жаштагы кызды сел агызып кетти. 19-июлда Баткен облусунда сел жүрүп, Лейлекте 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алган. 12-июлда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда да сегиз кишини сел агызып, каза болгон. Бир нече турак-жай, автожолдор менен мамлекеттик мекемелер жабыр тартты.

МАЙНИНГ-ФЕРМАНЫН МЫЙЗАМСЫЗ ИШИНЕ БӨГӨТ КОЮЛДУ

УКМК энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүп жаткан иш-чараларынын алкагында Кыргыз Республикасынын электр энергия тармагына ири зыян келтирген майнинг-ферманын мыйзамсыз ишине бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда Нарын шаарынын аймагындагы ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Б.Т.Б. аттуу жараны турак үйдө криптовалюта өндүрүү үчүн 118 даана майнинг-ферманы иштетип, мыйзамсыз пайда алып жүргөнү аныкталды.

Азыркы учурда УКМК бул мыйзамсыз ишке катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо иштерин улантууда.

Количество просмотров: 147